Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

Окуучуну сүзүп качкан милиция башчы абактан бошотулду


Балыкчыда окуучу кызды машина коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.
Балыкчыда окуучу кызды машина коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.

Балыкчыда сот 12 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге козголгон кылмыш ишин токтотуп, өзүн убактылуу кармоочу жайдан бошотту.

Бул окуя ушул жылы 26-январда болгон жана коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Осмоновго издөө жарыяланып, иниси экөө кармалган.

Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатканы айтылган. Иштин сотто токтотулушу тууралуу атайын кызмат дагы, Башкы прокуратура дагы азырынча түшүндүрмө бере элек.

Соттун чечими. Иш эмнеге токтотулду?

Балыкчы шаардык соту шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге карата 26-мартта өкүм чыгарган. Анда тараптар жарашып алды деген негизде ишти кыскартып, айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайдан бошотуп, бөгөт чарасын эч жакка чыкпоо түрүнө алмаштырган.

Осмонбаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коркунучта калтыруу” жана “автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен ачылган иш тергөөдө эле кыскартылганы белгилүү болду.

Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатканы айтылган. Соңку жагдай тууралуу атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.

Осмонбаев 12 жаштагы Фатима Акунованы сүзүп качып кеткен күнү Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Балыкчы шаарына барган. Анда кыздын туугандары, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, келгенден кийин парламентте бул маселени көтөрүп чыккан.

Көкүлов "Азаттыкка" комментарий бергенде сотто Осмонбаевдин ишинин токтолушуна байланыштуу парламентте кайрадан маселе көтөрүп чыгарын билдирди:

"Мен деле таң калып отурам. Бул жерде, биринчиден, ички иштер органдарынын кызматкери болуп туруп кызды сүзгөн соң качып кетип жатат. Экинчиден, ал бир тууган иниси экөө тергөөнү чаташтырып жатат. Иниси дагы милиция кызматкери. Мындай жоруктар токтошу керек эле. Өзүбүздүн бала экен, достошуп алдык, жарашып алдык деген шылтоолор болбошу керек эле. Өзүңөр деле көрүп жатпайсыңарбы, бизде, Кыргызстанда бул адат токтобой жатат. Ушул маселелерди парламентте көтөрөбүз. Мен бул жаңылыкты кечээ эле уктум да".

Эки ай мурда болгон окуянын чоо-жайы

Кырсык 26-январда түш ченде Балыкчы шаарында болгон. Анда жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды машина коюп, токтобой кеткени видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин кыздын атасы Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап чыккан. Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар машинаны анын агасы Осмонбаев айдап баратканын билдирип, ал “окуя болгон жерден качып кетти” деп нааразы болушкан.

Осмонбаевге издөө жарыяланып, көп өтпөй кармалган. Эки күндөн кийин Байгазиев тосмо арыз жазып бергени белгилүү болгон. Ал кызын сүзүп качып кеткен адамды кечиргенин билдирген.

“Бир шаарда жашасак, карыган ата-энеси ыйлап, кечирим сурап келди. Кантип кечирбейм. Кызымдын дары-дармегин көтөрүп жатышат. 18 жашка чейин да карап беришет”, - деген Байгазиев.

Бул окуядан кийин ага-ини Осмонбаев менен Казаков кызматтан алынган.

Элдешкенине карабай жаза берилиши керек

Милиция башчынын өспүрүм кызды сүзүп качканы социалдык тармактарга кызуу талкууланып, буга нааразылыгын билдирген колдонуучулар көп болгон. Алардын бири активист Эртай Искаковдун пикиринде, мындай жагдайда тараптардын жарашып алганына карабай айыпталуучуга толук жаза берилиши керек:

"Ушул окуяга Кыргызстанда көбүнүн жүрөгү ооруп, Балыкчыда эл ошол кичинекей кыздын таламын талашып эки суткадай күнү-түнү менен жүрдү. Социалдык тармактарда дагы колдогондор көп болду. Эки-үч күндөн кийин эле кыздын атасы доом жок деп жазып берип койгону билинбедиби. Ушундай учурлар көп кездешет - буга чейин дагы болуп келген, мындан кийин деле боло берет. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды карап чыгып, ушуга окшогон мыйзам бузуулар элге чыгып кеткенден кийин кылмыш ишин токтотсо болбойт деген жобо киргизсе, булар жазасын толук алмак. Себеби ал чоң даражадагы милиция кызматкери болуп жатат. Ошондой эле бизде акчалуу байлар бар, акча менен бүтүрүп койгондор бар. Аны кыла албагандар соттолуп кетмек. Коомчулукка чыгып, катуу талкууланган учурларда жаза катаал болушу керек деп ойлойм. Күбөлөр аны мас абалында болгон, качып кеткен деп айтып жаткан. Кызмат абалынан пайдалануу болгон. Бул окуя коомчулукта катуу талкуу жаратып, элдер катуу күйгөн. Ошондуктан бир эле адамдан кечирим сурап, келишип алуусу менен бүтпөй, бүтүндөй коом алдында жоопкерчиктүү экенин сезиши керек. Эки тарап жарашса дагы, анын жазасы мыйзам чегинде каралышы керек, мыйзамга ушундай ченем керек".

Адвокат Агзам Дүйшөналиев кыргыз мыйзамдарында гумандаштыруу принцибине ылайык тараптар жарашып алган учурда ишти кыскартууга жол берилерине токтолду. Ошол эле маалда прокуратура органдарынын жашы жете элек өспүрүмдөргө карата кылмыш иштерин тараптардын келишип алганына карабай сотко жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

"Баш мыйзамыбызда дагы, Жазык-процессуалдык кодексте деле негизги принциптердин бири - бул гумандуулук. Мыйзамдар гумандуу болушу керек деп эгемен болгондон бери эле айтып келе жатпайбызбы. Эки тарап жарашса, мыйзам жактан тоскоолдук болбошу керек. Бул мыйзамдарда каралган. Анча оор эмес кылмыштарда эки тарап жарашса, ишти кыскартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондуктан эмоцияга алдырбай мыйзамга баш ийишибиз керек. Бирок бул жерде дагы бир жагдай бар. Кырсыкта жаш өспүрүм жабыр тартып жатат. Менимче, анын ата-энесине укуктары толук түшүндүрүлбөгөн окшойт. Мисалы, ошол Балыкчы шаардык милиция башчысынын туугандары барып, аларга материалдык жардам берсе керек. Ошол эле учурда жабыр тарткан кыздын үй-бүлөсүнө толук юридикалык маалымат берилсе, анда милиция башчыны сот күнөөлүү деп тапкандан кийин ИИМден дагы, айыпкер тараптан дагы материалдык жана моралдык чыгым өндүрүп алмак. Экинчиден, Жазык-процессуалдык кодексте жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштарда жарашууга жол берилбейт, иш кыскартылышы мүмкүн эмес деген жобо бар. Эми бул жагын прокуратура органдары көзөмөлгө алып карашы керек. Азыр ал кыздын ата-энеси чечип жатпайбы. Бирок мыйзам боюнча тосмо арыз жазылганына карабастан жаш өспүрүмдүн укуктарын коргоо ишин прокуратура органдары сотко жеткирсе болот. Ал талап аткарылабы же жокпу, жергиликтүү прокуратура органдарынан көз каранды", - деди Дүйшөналиев.

Башкы прокуратура бул жагдай тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстанда жети миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза тапкан. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп болгон. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG