Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу министр болуп дайындалды


Владимир Путин жана Ахмат Кадыров.
Владимир Путин жана Ахмат Кадыров.

Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун уулу, 18 жаштагы Ахмат Кадыров республиканын Жаштар иштери боюнча министри кызматына дайындалды. Ошону менен катар ал эң жогорку сыйлык - Кадыров атындагы орденди алды, деп маалымдайт "Кавказ.Реалии" булагы.

Ахмат Кадыровдун кызматка дайындалганы боюнча буга чейин маалымдалган эмес. Ал эми Чеченстандын өкмөт төрагасы Магомед Даудов сыйлык тууралуу жазганында Ахмат Кадыровдун жаңы кызматын көрсөттү. Ал Кадыровдун уулу "алдыга коюлган бардык милдеттерди жогорку деңгээлде чечип жатканын" айткан, бирок, кандай иштерди кантип чечип жатканын ачыктаган эмес.

Буга чейин Ахмат Кадыров министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жашы жетери менен дайындалган болчу.

2023-жылы Ахмат Кадыров атасына жардамчы болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр жазында аны Кремлде кабыл алганда саясат таануучулар муну белек катары баалашкан эле.

Чеченстанда Рамзан Кадыровдун жүзгө жакын туугандары - балдары, эже-карындаштары, күйөө балдары, жээндери жана алыс туугандары мамлекеттик ар кандай деңгээлдеги кызматтарды ээлейт. "Кавказ.Реалии" республиканын мамлекеттик мекемелеринде иштеген Кадыров кланынын адамдарынын толук тизмесин жарыялаган.

Чеченстандын жетекчисинин 15 жаштагы экинчи уулу Адам - Республиканын баатыры ордени, ошондой эле, Татарстандын "Дуслык" ордени, "Карачай-Черкес Республикасына сиңирген эмгеги үчүн" ордени жана Кабардин-Балкариянын эң жогорку сыйлыгы - "Республикага сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйланган.

Рамзандын 26 жаштагы жээни Хамзат Кадыров да республиканын баатыры наамын алган. Ал таякесинин күч блогунда жардамчы жана мүлк, жер мамилелери министринин орун басары кызматын аркалайт.

Жакында Кадыровдун кыздары да жаңы сыйлыктарга ээ болушту. Вице-премьерлик кызматты ээлеген Айшат "ДНР" деп аталган эң жогорку орденди, ал эми жакында Чеченстан премьер-министринин администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган Хадижат "Чечен Республикасынын биринчи президенти Ахмат ажы Кадыровду эскерүү" медалын алды.

XS
SM
MD
LG