Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

Дубайда Көлбаевдин жакыны "Моби" кармалды. Келдибеков келеби?


Коллаж
Коллаж

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бириккен Араб Эмираттарында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деген шек менен Таалайбек Рысалиев аттуу жаран Интерпол аркылуу кармалганын билдирди. Рысалиев убагында Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында жетекчилик кызматта турганы белгилүү.

Кримчөйрөдө "Моби" деген каймана ысым менен таанымал Таалайбек Рысалиев убагында Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибековдун көздөй кишиси болгону саясий чөйрөдө айтылып жүргөн.

Соңку окуя Көлбаев менен Келдибековдун талаштуу алака-катышы, уюшма кылмыш топторго каршы күрөш тууралуу талкууну жандантты.

"Мобинин" кармалышы

УКМК тараткан маалыматта ушул тапта Таалайбек Рысалиевди Дубай шаарынан экстрадициялоо маселеси чечилип жатканы жазылган:

"Таалайбек Рысалиев маркум кримтөбөл Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) жакын адамы болуу менен анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, дагы башка кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн пайдаланган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатат".

Рысалиевдин жакындары жана адвокаттары анын кармалышы, коюлган айып тууралуу комментарий бере элек.

48 жаштагы таржымалы талаштуу Таалайбек Рысалиев тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе.

Анын аты 2011-жылы парламенттин ошол кездеги спикери Акматбек Келдибеков менен Камчы Көлбаевдин байланышы тууралуу талаш-талкуу күчөп турган маалда айтылган. Бул жагдайга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунда Келдибековго бир катар айып коюлган. Анда "спикер кримтөбөл Көлбаев менен жолугуп турганы, уюшма кылмыш тобунун өкүлдөрүн парламентке кызматка алган" деген доомат айтылган.

Анын алдында Келдибеков күзөтчүлөрсүз жана парламент аппаратынын кызматкерлерин албай Түркия аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына учканы тууралуу маалымат тараган. “Фергана” басылмасы Келдибековдун бул сапары криминалдык лөктөр Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевдин кармалышына байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазган.

Ошол кездеги вице-спикер, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин аппаратында уюшма кылмыш тобунун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган Таалайбек Рысалиев иштеп жатканын айтып чыккан. Келдибеков ал дооматтарды четке каккан.

Парламенттин экс-депутаты, милициянын мурдагы кызматкери Туратбек Мадылбеков ошол кезде караларга каршы күрөштө саясий эрк болбогонун белгилейт. Атамекенчилер көтөргөн маселе дээрлик көз жаздымда калганын айтты:

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков

"Ошол кездеги биздин спикер Акматбек Келдибековдун лыжа базасында Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөттөрүнөн өйдө таап алып чыкканбыз. Ошону биздин "Ата-Мекен" фракциясы алып чыккан. Анан ал ошонун негизинде жумуштан кетпеди беле. Ал маалда биз коңгуроону катуу какканбыз. Бирок бизди башкалар колдобой койду да. Ошол кездеги Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети бакылдап эле сүйлөп коюп, ишке келгенде башкача болуп калышты. Биз дагы угуп жаттык да, ошол кезде өздөрүнүн дагы байланышы болуп чече албай калышты да".

Рысалиевдин кылмыш чөйрөсүндө "Моби" деген каймана аты бар экени ошол депутаттык комиссиянын корутундусунда айтылган. Ал кездеги ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Таалайбек Рысалиев уюшма кылмыш тобунун өкүлү катары тизмеде турганын ырастаган жайы бар.

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

"Биз Таалайбек Рысалиев тууралуу сөз кылдык. Эмнеге аны тизмеге киргизгенбиз? Ал убагында Москвада соода кылган мигранттардан миң долларга чейин акча жыйнап турган. Чогулган акчаны Камчы менен Алманбетке берчү", - деген министр Рысалиев парламентте.

Рысалиев "каралар" менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке кагып, аны каралагандарды сотко берерин айткан. Ал парламенттеги ишинен 2011-жылдын аягында Келдибеков төрагалыктан түшкөндө кеткен.

Рысалиев 2017-жылы май айында "Кыргызнефтегаздын" башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалганы тууралуу маалымат чыккан. Ачык булактарда "Нефтчи" футбол клбунунун президенти, Ок атуу федерациясынын президентининин орун басары болуп иштегени тууралуу айтылып жүрөт.

Бизнесмен экени айтылганы менен Юстиция министрлигинде анын атына катталган кандайдыр бир фирма же компания жок. Кайсы тармакта ишкерлик кылып, эмне менен алектенгени белгисиз.

Буга чейин соцтармактарда анын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, учурда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен чогуу түшкөн сүрөттөрү жарыялаган.

2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында социалдык тармактарда Таалайбек Рысалиевдин кайрымдуулук иштери тууралуу даңазалагандар болгон. Анын Бишкек жана Талас шаарларында дарыгерлерди ысык тамак менен камсыз кылганы, медициналык жабдууларды, дары-дармектерди жөнөткөнүн жазышкан.

Таалайбек Рысалиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Эми анын Интерпол аркылуу Бириккен Араб Эмираттарында камалышы Келдибеков менен Көлбаевдин карым-катышы жөнүндөгү талаш-талкууларды козгоду. Талдоочу Турат Акимовдун баамында азырынча ага каршы көрсөтмө болбой жаткан болушу мүмкүн.

Турат Акимов
Турат Акимов

"Көлбаев менен байланышы бар адамдардын баарын "биздин колубуз, укуругубуз узун" деп бирден бирден кармап жатат. Баары менен бир заматта эле күрөшө албайт. Ага (Келдибеков - ред.) каршы эч ким көрсөтмө бербесе, аны жоопкерчиликке тарта албайсың да. Ага эми "Көлбаевди тойго чакырды" деген кине коё албайсың. Кылмыш тууралуу түз көрсөтмө болушу керек. Анын Көлбаев менен байланышы болгонун баары эле билет. Бирок биздеги бүт эле саясий элита байланышта болгон. Башында Рысбек Акматбаевдин тегерегинде уу-дуу болуп жүрүшчү, андан кийин Көлбаевге барышты. Болгону Камчы Көлбаев салыштырмалуу "легалдуу иштеп" койду да, тойлорго катышып, "Көчмөндөр оюнуна" барып, ачык жүрдү. Убагында Рысбек Акматбаев андай кылчу эмес".

"Көкөтөйдүн ашы - көп чырдын башы" же Келдибеков өткөргөн той

Былтыр сентябрда Келдибеков уулун үйлөнтүп, Бишкектеги кымбат тойканалардын биринде той өткөргөн. Ага чакырылган жүздөгөн коноктун арасында Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов жана Камчыбек Ташиев дагы болгону ачыкка чыккан.

Бул тойго экс-депутат Жылдызкан Жолдошова да барган. Ал тойдо Ташиев дагы болгонун ырастап, Келдибеков, Матраимов жана Көлбаевдин алака-катышын төмөнкүчө түшүндүрдү:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Биринчиден, мен тойго бир аз кечигип келдим. Экинчиден, мен Камчыны (Ташиев - ред.) көрдүм, анткени ал чыгып сүйлөдү. Ал эми Көлбаевди көргөн жокмун. Болгонун болгондой айтайын. Анан бизге сөз берилди, мен сүйлөп коюп кетип калдым. Мен кетип атканда, Ташиев дагы машиналардын коштоосунда кеткен. Мен Камчы Көлбаевди көргөн жокмун, себеби менин столум башка жакта болчу. Келдибековдун тиги-булар менен байланышы бар экен дешет. Ооба, ал адамгерчиликтүү мамиле жасады. Менин кесиптештерим түрмөдө отурганда "Коля кыргыз" чынында эле аларды канатына калкалаган. Муну баары билишет. Ушул жакшылыкты Акматбек Келдибеков унуткан жок. Муну адамгерчиликтүү мамиле десе болот. Экинчиден, Матраимов менен мамилеси бар экен дешет. Биз кыргыздар өтө аз калкпыз. Анан калса саясий аренада баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз. Мисалы, мен дагы Матраимовдорду тааныйм. Ал менин жердешим, карасуулукпуз. Анан кантип бири-бирибизди тааныбайбыз? Бирок бийлик талашуу, ал-бул дегенге мен ишенбейм. Ошондуктан мен Матраимов, "Коля кыргыз" жана Келдибеков бир нерсе жасоого даярданыптыр дегенге ишенбейм".

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары Келдибеков бул тойдон кийин атайын кызматка сурак берип чыкканын билдирген. Буга байланыштуу УКМК дагы, экс-спикер жана менен жакындары дагы комментарий берген эмес. Көп өтпөй Келдибеков чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болгон.

"Азаттык" Келдибеков менен байланышууга бир нече жолу аракеттенип, бирок андан майнап чыккан жок.

Саясатчынын тарапташы саналган активист Керим Сарбашов мурдагы төрага четте жүргөнүн ырастап, "качып кетти" деген сөздөрдү четке какты. Келдибеков ушул тапта Болгарияда эс алып жатканын, жакын арада мекенине кайтып келерин айтты.

"Мен аны менен кечээ эле сүйлөштүм. Күндө эле сүйлөшөм. Ал учурда Болгарияда эс алып жатат, 15теринде кайтып келет. Келип алып андан ары Алтайга барам деп жатат. Аны эмнеге камайт? Эмне тиешеси бар? Бир жума чыдап тургула, ал жаркылдап эле келет. Көлбаев менен байланышы тууралуу эч нерсе билбейм. Көлбаевди өмүрү көргөн эмесмин, сүрөтүн эле көргөм".

2010-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин шайланган Жогорку Кеңештин 2010-жылдагы чакырылышында Келдибеков "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен келген. Бул партиянын тизмесинде азыркы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

"Караларга" каршы күрөш: кезек саясатчылардабы?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаковдун пикиринде, Көлбаев менен карым-катышта болгон саясатчыларга дагы чара көрүлбөсө, коомчулукта бийликтин караларга каршы күрөшүнө ишеним азайышы мүмкүн.

Бейшенбек Абдразаков
Бейшенбек Абдразаков

"Эми ага убагында саясий баа берилген. Текебаев бул маселени көтөрүп чыгып, спикерликтен кеткен себеби дагы ошол болгон да. Криминалдын анабашы менен сүрөткө түшкөн, тойлорго барган деп көтөрүп чыгышты. Бирок мунун максаты бир эле нерсе - аны жумуштан кетирүү болгон. Маселе аягына чейин чыккан жок да. Азыр эми аны аягына чыгарса болот. Байланыштардын баарын аныктап, тактап, фактылар менен чыгарса болот. Азыр Көлбаев кайсы бир саясатчыларды каржылаган, машина берген деген маалыматтар чыгып жатпайбы. Эми криминалы дагы, коррупционери дагы бүтүп баратат, кезек саясатчыларга келди окшойт. Ошолорду дагы ачыкка чыгаруу керек. Эгер алар ачыкка чыкпаса, чындык, акыйкаттык болбой калат. Эгер тандалма болсо, эл ишенбей калат. Буга чейин шайлоолордо айрым саясатчылар, партиялар криминалды, коррупционерлерди колдонуп келген да. Ушундай учурлардын айынан үч жолу төңкөрүш да болгон", - дейт Абдразаков.

Келдибеков парламенттин төрагасынан кеткенден кийин, 2012-жылы "коррупция", "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ага Социалдык фонддун төрагасы болуп турган учурда мамлекетке 24 млн сомдон ашык, Салык кызматын жетектеп турганда 2,3 млн сом, спикер кезинде 10 млн сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Келдибеков анын камалышына кайсы бир саясий күчтөр кызыкдар деп билдирип келген.

Бишкек шаардык соту 2016-жылы Келдибековду жарым-жартылай күнөөлүү деп таап, 10 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Кийинчерек анын соттуулугу жоюлганы, 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышууга камынып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен барган жана аталган партия жетиштүү добуш топтой алган эмес.

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков Келдибековдун жагдайынан улам люстрация маселелерине токтолуп, азыркы бийликтин тазаланууга жакшы мүмкүнчүлүгү бардыгына токтолду:

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

"Кыргызстанда баары Көлбаев "каралардын" ханы экенин, "мыйзамдагы ууру" деген макамы бар адам экенин, көп маселени чечерин, өтө бай экенин билчү. Бирок ага эч ким даай албай келген. Аны "брат" деп коюшчу, "вор" деп коюшчу. "Ага кайсы бир маселелер менен бардык, мындай кылып чечип берди" деп кеп кылышчу. Алтургай мамлекеттик пансионаттардын жетекчисинин бири жол кырсыгына кабылып, анын маселесин күч түзүмдөрү чечпей жатканда, Көлбаевге жолугуп калып, ошол чечип бергенин өзү мага айтып берген. Келдибековдун тоюна Көлбаев дагы катышыптыр дегенди баарыбыз окуганбыз. Азыр бийликтин жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Камчы Көлбаевге, криминалга каршы күрөш жүрүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Айрым ишкерлер "вор" менен аргасыздан кызматташууга барган болсо дагы жоопко тартылып, кайсы бир деңгээлде "кустуруу" дагы болуп жатпайбы. Азыр эми саясий айдыңда жүргөн адамдар, өз учурунда тааныштыгы бар делген, тойлоруна чакырып, карым-катышта болсо, аларды дагы люстрация кылуу керек. Ошондо башкалары дагы алар менен мындан ары байланышта болуудан коркуп калат. Бул башкаларга жакшы сабак болот. Азыр мен саясатчылардын дагы Көлбаев менен байланышы болгон деп жоопко тартылганын көрө элекмин".

Жарандык активист Мукай Керимбаев азыркы бийлик "саясий соодалашууга барган, кош стандарттуулукка жол берген" деген дооматтарды четке какты. Ал саясатчыларга дагы кезек жетерине ишенерин айтты:

"Бул кишинин (Көлбаевдин - ред.) убагында чынында эле таасири чоң болгон. Бул жашыруун деле эмес. Азыр кайсы саясатчылар менен тыгыз байланышта болуп, кимдерди депутат кылганы, кимдерди чоң кызматтарга койгону акырындап иликтенип, ачыкка чыгып келе жатпайбы. Дагы күтө туралы. Менимче, алдыда аны менен кимдер байланышта болгону, чогуу бизнес кылганы, кээ бир кылмыш иштерге чогуу барганы такталып, иликтенип жатпайбы. Аны көрүп жатабыз го. Күтө турсак көп нерселер ачыкка чыгып, дагы жакшы жумуштар болот деп ишенем. Келдибеков менен саясий соодалашууга барган деген сөздөр негизсиз. Азыркы бийлик, азыркы башчыларыбыз эч кандай соодалашууга барбайт. Чыныгы мамлекет үчүн, эл үчүн иш жүргүзүп жатышат. Саясий соодалашууга барды дегендер үчүнчү күчтөр, же көрө албастар. Алар соодалашууга барбайт".

Былтыр октябрда Көлбаев атайын операцияда атып өлтүрүлгөндөн кийин көп өтпөй өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун мындан беш жылдан ашык убакыт мурда кримтөбөлдүн апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган видео тараган. Камчыбек Ташиев бул тасмага байланыштуу комментарий берип жатып, Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен байланышы бар болгону аныкталса, жоопко тартууга даяр экенин айткан.

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков дагы комментарий берип, Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы университетте чогуу окуганын, ушундан улам тааныштыгы болгонун, тойго кошунасы катары чакырылганын билдирген.

Садыр Жапаров 2015-жылдын башында чет өлкөдө баш калкалап жүргөндө “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китебин чыгарган. Анда партиялашы Келдибековго дооматын ачык айтып, экс-төраганы “сөзүнө турбаган, бай-манаптык мүнөз күткөн, кызмат, бийлик үчүн жакындарын да сатууга барган” адам катары сүрөттөгөн. Китепте аты ачык аталбаган, бирок эки-үч жерде сөз болгон табышмактуу "казак досу" шайлоо учурунда берген үч миллион долларды Келдибеков партиялаштарына айтпастан, "кымырып алган" деп күнөөлөгөн.

Келдибеков мурдагы партиялашынын мындай дооматтарына комментарий берген эмес.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин Келдибеков тууралуу үн катып, пикир билдире элек.

XS
SM
MD
LG