Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Министрдин мурдагы орун басары киши өлтүрүүгө аракеттенген деп шек саналууда


Маданият, маалымат, жаштар жана спорт министринин мурдагы орун басары, спорт департаментинин экс-жетекчиси киши өлтүрүүгө аракет кылууга шек саналып кармалганы айтылууда.

Бишкек шаардык милициясы 7-ноябрда 33 жаштагы Ш.К. аттуу жаран адам өлтүрүүгө аракеттенүү деген шек менен кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү саат 17:34тө милицияга Улуттук госпиталдан манжасы чабылган бейтап түшкөнү тууралуу маалымат келген. Милиция ооруканага барган кезде бейтап манжасын бир эркек адам балта менен чаап салганын билдирген. Балта менен чапкан киши аны келинчеги менен "жазышасың" деп айыптаган.

"Сумкасынан балта алып чыгып, экөөнү тең өлтүрөрүн айтып коркуткан. Андан кийин жабырлануучуга тап берип, натыйжада сол колунун сөөмөйү чабылып кеткен", - деп жазылган маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк 37-122-беренелерине алмаштырылып, иш "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" деген негизде тергеле баштады.

Шектүү кармалып, милицияны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын адвокаты жана жакындары бул окуя боюнча комментарий берише элек. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG