Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Матраимов менен Көлбаевди байланыштырган жагдайлар


Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж
Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж

УКМК өткөн аптада атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовду кармады. Ага чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төккөн Райымбек Матраимов атайын кызматка сурак берип чыккан белгилүү болгон.

«Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдары кыргыз бажысындагы көмүскө схеманы эки жылга чукул иликтешкен. 2020-жылы журналисттер бири-бири менен байланышы жок үч булактан Матраимов менен Көлбаевдин мамилеси тууралуу маалыматты тактап, таап чыгышкан.

Cоңку кармоолор

Атайын кызмат "Турсунтай Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган" деп билдирди. Маалыматта ал Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөнү аныкталганы жазылган.

9-октябрда Салимовго “уюшкан топко аралашуу” деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Сот учурунда ишкердин кан басымы көтөрүлүп, "Тез жардам" алып кеткен. Учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыланууда.

Салимовдун жактоочусу Кайсын Абакиров билдиргендей, ал Көлбаев менен кошуна гана болуп, "жакын мамиле" түзгөн эмес.

“Өзү күнөөнү моюнуна алган жок, кылмыш тобуна катышкан эмес. Бирок Көлбаевдин кошунасы экен. Аны менен эч кандай жакын мамилеси деле болгон эмес, кошуна катары гана алакада болгон”.

УКМК Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү басып алган мүлктү мыйзамдаштырууга катышкан жана буга тиешеси бар 20дан ашык киши кармалганын билдирди. Алардын катарында Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев 4-декабрга чейин камалды. Аны 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

10-октябрда Бишкектеги "Элитхаус" курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин да кармалганын айрым маалымат медиа жазып чыкты. Расмий органдар муну ырастай элек. Маалымат каражаттары ишкер Көлбаев менен байланышы үчүн кармалышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Атайын кызмат "кримтөбөл Көлбаевге көмөк көрсөткөн, аны менен байланышта болгондор жоопко тартыларын" эскертти. Ага удаа эле 9-октябрда Көлбаевдин кылмыштуу жол менен табылган кирешелери жана мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды. Тизмеде ондогон турак жай, коттеж, жүздөгөн батир, ондогон кымбат автоунаа, зер буюмдар, жер тилкелери, эс алуу жайлары, дүкөн, ресторан-кафелер, ат кармаган жайлары жана башка мүлкү бар.

Журналисттик иликтөөлөрдүн изи

Көлбаев менен байланышы болушу мүмкүн деген адамдардын катарында Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун да аты аталууда.

4-октябрда атайын операциянын жүрүшүндө кримавторитет өлтүрүлгөн күнү кечинде Матраимов да УКМКда сурак бергени тууралуу кабар тараган.

“Азаттык” жана анын өнөктөштөрү Көлбаев менен Матраимовдун байланышы тууралуу иликтөөнү 2020-жылы декабрда жарыялаган. Анда экөөнүн байланышынын биринчи далили катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каганат” эс алуу жайында Матраимовдун үй-бүлөсүнүн вилласы табылган.

Бул жайдын ээси “Имиджстрой” компаниясы болгону менен чыныгы ээси Көлбаев экенин бир нече булак ырастаган. Ал жердеги 20дай коттеж ижарага берилбей турганы, тандалма негизде гана сатылары жазылган. 9-октябрда УКМК жарыялаган Көлбаевдин мыйзамсыз мүлкүнүн тизменде дал ошол “Каганат” эс алуу жайы да бар.

Иликтөөдөгү экинчи далил бажыдагы Матраимов калкалаган аткезчилик схеманын бетин ачууга көмөктөшкөн, ал материал жарыялангандан кийин киши колдуу болгон Айеркен Саймаитинин билдирүүсү. Саймаити берген маалыматтын негизинде “Азаттыктын” биринчи иликтөөсү 2019-жылы жарыяланган. Саймаити журналисттик иликтөө жарыялангандан кийин бир нече жолу телефон чалып коркутушканын кабарчыларга айтып берген. Криминалдык дүйнөнүн анабашы ал кандайдыр бир документтерди журналисттерге берген-бербегенин тактап, мындан кийин андай байланышты токтотушун, айрыкча Матраимовго барып такалган акча которуу фактылары тууралуу кагаздарды эч кимге бербешин талап кылган. Ал Көлбаевди Матраимовдун “өнөктөшү жана коргоочусу” деп сыпаттаган.

Көп өтпөй эле Саймаитинин Кыргызстандан Түркияга накталай акча ташыган курьери, кийин өзү белгисиз жагдайда киши колдуу болгон.

Бир кезде Матраимовдун кол астында иштеп, кийин тил табыша албай калган Эмилбек Кимсанов да мурдагы кожоюну менен Көлбаевди “жакын достор” деп сыпаттаган. Кимсанов “Азаттыктын” журналистине чалып, Матраимов аны “тирүүбү же өлүүбү” таап келүүгө буйрук бергенин коомчулукка жарыяланган видеодо эскерткен.

Матраимов Көлбаев менен байланышы тууралуу иликтөөдө айтылган жагдайлар боюнча үн каткан эмес.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Матраимов-Көлбаев байланышы боюнча дагы башка маалымат менен бөлүштү.

“Матраимов жөнүндө иликтөө жарыялаганыбыздан кийин бир ай өтпөй мага чабуул жасалган. Бул боюнча төрт адам кармалган. Алардын уюштуруучусу Бекзат деген жигит мындан бир-бир жарым жыл мурда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары кармалды. Менин оюмча бул жерде Көлбаев Матраимовдун буйругун аткарган, бул жөн эле дал келүүчүлүк эмес”.

Темиров алардын Көлбаев-Матраимов бизнес өнөктөштүгү тууралуу да маалымат түшкөнүн, бирок ал азырынча тастыкталбаганын билдирди.

Криминал менен ишкер чөйрөнүн алакасы

Буга кошумча Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Тойдон кийин Келдибеков, Көлбаев, Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирген. Келдибеков мындай маалыматты четке каккан, атайын кызмат бул боюнча расмий билдирүү тараткан эмес. Көлбаев жок кылынгандан кийинки сурак кримтөбөл менен мурдагы бажычынын байланышын күн тартибине чыгарды.

Атайын кызмат криминалга каршы күрөш башталганын жарыялап, “караларга” акча берип келген ишкерлер да жоопко тартылышы мүмкүн экенин эскерткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө мындан ары өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор болбой турганын белгилеп, криминалдардан жабыркаган жарандарды УКМКга кайрылууга кеңеш берди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, милициянын ардагери Туратбек Мадылбеков бизнесмен менен “каралардын” мамилеси мамлекетте коррупциянын тамыр жайып, укук коргоо органдарына ишенимдин жоголушунан улам пайда болгонун айтат. Өлкөдө кылмыштуу топтордун көбөйүп, таасирдүү күчкө айланышына ишкерлердин да салымы бар экенин эске салды.

“Тойлордо деле чогуу жүрүшөт. Мамлекеттик жетекчилик кызматта жүргөн адамдар “караларды” тойго чакырып, бир дасторкондо отурушат. Чоң бизнесмендер канчалаган акча берип, буларды өстүрүп-өндүрүп келди. Мына ушуларды аныктап, жазага тартса болот. Азыр мен конкреттүү адамдарды айта албайм”.

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовду коррупцияга айыптап, ал бажыдагы башка аткаминерлер менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн аныктаган.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо эң көп акча сарптаган “Мекеним Кыргызстан” партиясын каржылаганы айтылган. Быйыл муфтияттын жаңы кеңсесин куруп бергени да коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

2020-жылы 10-декабрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Райымбек Матраимовду, анын аялы Уулкан Тургунованы «Магнитскийдин тизмесине» кошуп, санкция салган.

Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:33 0:00

Эл аралык коомчулук Көлбаевди транс-улуттук баңгизат соодасына аралашкан деп айыптаган. Аны ооган героинин Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу ташыган «түндүк маршрут» деп аталган багытты жолго салган деп белгилешкен.

Көлбаевдин мындай ишмердиги кооптондургандыктан, АКШнын Финансы министрлиги ага каршы эки жолу санкция салган. 2011-жылы «чет элдик баңгизат соодасынын анабашы» жана 2012-жылы «эл аралык уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү» же мурдагы советтик республикалардан чыккан кылмышкерлердин көзүрлөрү кирген «Агайындар чөйрөсү» тобуна мүчө деп айыптаган. Мамлекеттик департамент Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүнүн бетин ачкан кишиге бир миллион доллар сый акы сунуш кылган.

Көлбаев 2008-жылы Москвада Орусиядагы уюшкан кылмыш топтордун анабашы, “Япончик” аттуу маркум Вячеслав Иваньков баш болгон жыйында “мыйзамдагы ууру” титулун алганын медиа каражаттары жазган.

XS
SM
MD
LG