Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:19

Социал-демократтар партиясынын лидери ЖЭБ боюнча сындарга жооп кайтарды


Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 14-от казанындагы жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 14-от казанындагы жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев курган жаңы Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкек шаарын эки жолу кышкысын тоңуп калуудан сактап калганын жазды.

Султанбеков Бишкек ЖЭБинин аймагына Алмазбек Атамбаевдин тушунда кубаттуулугу 300 мегаваттык жаңы кошумча ЖЭБ курулганын, ал Борбор Азиядагы эң арзан курулган ЖЭБ болгонун белгиледи.

"Мына ушул эски ЖЭБдин аймагында жайгашып, автономдуу иштеген жаңы ЖЭБ 2018-жылы да катуу суукта Бишкекти тоңуп калуудан сактаган. Азыр да сактап турат. Жаңы ЖЭБдин 1 мегаватты бизге 1,28 млн долларга, жалпы 300 мегаватт 386 млн долларга турган. Бул Борбор Азия аймагындагы эң арзан ЖЭБ, анткени акыркы он жылда Борбор Азияда үч эле ЖЭБ курулду - бирөө Тажикстандын борборунда, экөө Казакстандын Караганды жана Семей облустарында. Дүйшөмбү шаарындагы ЖЭБдин 1 мегаватты тажик коңшулар үчүн 1,32 млн долларга түшсө, Казакстандын Караганды облусундагы ЖЭБдин 1 мегаватты 2,31 млн долларга, Семейдеги 2,88 млн долларга турган", - деп белгиледи Султанбеков.


Социал-демократтар партиясынын лидери Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматында, 1 мегаватт энергиянын орточо баасы 1,3 млн доллар болорун белгилеп, Кыргызстандагы жаңы ЖЭБ арзан жана сапаттуу курулганын, абаны булгабай турганын жазды.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкектеги ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам жабыркаган. Борбор калаада жылуулукка чектөө киргизилип, ысык суу токтогон.

Президент Садыр Жапаров жылуулук борборунун кырсыктан кийинки абалы менен таанышкандан кийин "Кабар" агенттигине маек курган. Ал кырсык ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун айтып, мурдагы бийликтерди 386 миллион долларга чала-була иш кылгандан көрө, "жаңы ЖЭБ курса болмок" деп айыптаган.

"Кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле. Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар", - деген президент.

2-февралдын таңындагы жарылуудан соң ЖЭБдин кызматкерлери кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштеп жатканы кабарланды. Жылуулук борборунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG