Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Сот Канышай Мамыркулованын батирин камакка койду


Канышай Мамыркулова. Бишкек шаардык сотунда.
Канышай Мамыркулова. Бишкек шаардык сотунда.

17-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын Бишкектеги батирин камакка койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналисттин адвокаты Нурбек Сыдыков билдирип, мындай өтүнүчтү судьяга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү бергенин айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (BTo)

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG