Бишкек шаардык соту абактагы чечен активисти Мансур Мовлаевди камактан бошотуп, өлкө аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Эми Мовлаевдин мындан аркы тагдыры кандай болот деген тынчсыздануу күч алды. Ал Чеченстандын авторитардык башчысы Рамзан Кадыровду кескин сындаганы менен белгилүү. Быйыл августта Кыргызстанда "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен кармалып, алты айга кесилген. Бирок Мовлаев абактагы бул мөөнөттү узартып, өз мекенине өткөрүп бербөөнү суранып сотко кайрылган. Ишти караган Бишкек шаардык соту анын арызын канааттандырган жок.
Сот чечен активистинин арызын четке какты
"Сот мени ушу жерден бошотуу чечимин кабыл алды. Азыр мени өлкөдөн чыгарып, өлтүргүчтөрдүн колуна салып берүү үчүн күтүп турушса керек", - деди Мансур Мовлаев.
Бишкек шаардык соту чечим чыгаргандан кийин бул Мовлаевдин алгачкы сөзү ушундай болду. Кыргызстандагы түрмөдөгү узак мөөнөт отуруп, өз мекенине кайтарбоону суранган чечен активисти менен анын адвокатынын арызын шаардык сот канааттандырган жок. Соттун чечими менен Мансур Мовлаев сот залынан бошотулду, эми Кыргызстандын аймагынан чыгарылышы керек.
27 жаштагы Мансур Мовлаев - чеченстандык активист. Ал өз мекенинен өткөн жылы качып чыккан. Ага чейин Мансур Чеченстандын авторитардык лидери Рамзан Кадыровду сындап, оппозициячыл маанайдагы башка активисттер менен адам уурдалган фактыларды иликтеп келген. Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип чыккан.
Активист Мовлаев Кадыровдун кишилери аны да уурдап, мыйзамсыз түрмөдө кыйноого алганын, токулган иштер боюнча күнөөнү мойнуна алуусун талап кылганын айткан.
Экстрадициялоого эмне негиз болду?
Быйыл августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны Ысык-Көлдөн кармаган. УКМК Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.
Мовлаевге "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылып, УКМКнын тергөө абагына камалган.
Мовлаев жана адвокаттары ал Чеченстанга өткөрүлсө, кыйноого алынарын айтып келишкен. Ушул коркунучту жүйө келтирип, ал кыргыз түрмөсүндө көбүрөөк отурууга далалат кылып жаткан.
20-ноябрда сот чечими чыгардын алдында активистке акыркы сөз берилген учурда да ушундай өтүнүчүн кайталады:
"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, бүгүн соттук коллегия мага карата ушунчалык жумшак жана адамгерчиликтүү мамиле кылып, райондук сот берген жаза мөөнөтүн ошол бойдон калтырат экен. Ошондуктан мен коллегиядан эч нерсе суранбайм. Мен андан көрө жараткандан суранам. Сиздер кандай гана чечим чыгарсаңыздар да, жараткандын алдында коррупционери да, адилетсиз сот да бирдей жооп берет. Мен ушуну менен сөзүмдү жыйынтыктайм!".
Бишкек шаардык соту айыпталуучунун өтүнүчүн четке кагып, анын тергөө абагындагы бир күнү эки күнгө тете эсептелинип, 20-ноябрда жаза мөөнөтү аягына чыкты деп эсептеди.
Анын адвокаттары бул чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку Сотко даттанарын айтышты.
Юристтердин бири Илгиз Насиров Мовлаевди өлкөдөн чыгарууга негиз жок деп эсептейт:
"Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө өлкөдөн чыгарып салуу каралган эмес. Ошукраондуктан биз судья бул чечимди негизсиз кабыл алган деп эсептейбиз. Ошондой эле Мовлаевди өлкөдөн чыгарып салуу милдетин Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жүктөлгөнү да туура эмес".
Мансур Мовлаев кайда?
Адвокаттарынын бири Бакыт Автандил активистти Бишкектин борборуна чейин жеткирип барган бойдон байланыша электигин билдирди. Адвокат соттон чогуу бир машинага отуруп чыгышканын, бирок ал бир аздан кийин түшүп калганын, ошондон кийин байланышпаганын, соттун өкүмү расмий түрдө колуна тие электигин, андыктан өлкөдөн чыгаруу тууралуу кошумча талап боюнча эч нерсе айта албай турганын “Азаттыкка” айтты.
"Бир дагы кызматкер жаныбызга басып келип өзүн тааныштырган жок. Алардын Мансур Мовлаевди кармаганга негизи да жок болчу. Мовлаевге келип, сизди алып кетебиз десе бир жөн. Бир да киши жок болгондуктан, алар келип маселени түшүндүрбөгөндүктөн сот залынан чыктык да, автоунаабызга түшүп кетип калдык. Аны мен Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде калтырып кеткем, себеби дагы бир соттук процесске бармакмын".
Адвокаттар Мовлаевди кайсы учурда болбосун Орусиянын атайын кызматтары өз өлкөсүнө алып кетиши мүмкүн экенин эскертип жатышат.
"Азаттык" активисттин өзү менен байланышууга аракеттенүүдө, азырынча майнап чыга элек.
Шаардык соттун билдирүүсү
Мансур Мовлаевди өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөлгөнүн аардык соттон билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, соттук коллегиянын өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун 4-октябрдагы өкүмү өлкөдөн чыгаруу тууралуу бөлүк менен толукталды, Мовлаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.
УКМК, ИИМ жана Миграция кызматы да азырынча маалымат бере элек.
Орусиянын бир субъектиси болгон Чеченстанды 2000-жылдардын башынан бери Рамзан Кадыров башкарып келет. Ал авторитардык бийликти орнотуп, өзүнө сын айткандарды куугунтуктап, катуу жазалайт. Буга чейин Кадыровдун бийлигин сындагандар жазага тартылып, айрымдарынын көзү тазаланган. Эл аралык укук коргоо уюмдары Чеченстанда кыйноо фактылары көп экенин айтып келишет.
Орус президенти Владимир Путиндин ишенимдүү жан-жөкөрүнө айланган Кадыровдун аракеттерине Москва көз жуумп келет.
Ошондуктан өз мекенинде кыйноого алынышы мүмкүн деген активисттин өткөрүп берилиши жергиликтүү укук коргоочулардын да чочулоосун жаратууда.
Кыргызстан эл аралык милдеттемелерин аткарабы?
Саясат талдоочу Эмил Жороев кыргыз бийлиги эл аралык милдеттенмелерин сактап, ушундай учурларга өзгөчө көңүл бурушу керек болчу деген пикирин айтты:
"Эркин, эгемен мамлекет катары биздин өлкөдө башпаанек издеген чет элдик жарандардын, тараптардын укугун сактоо мүмкүнчүлүгү калган. Ошондой мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттенген тарап катары Кыргызстанда анчейин жакшы эмес тенденция болуп жатат. Буга чейин чет элдиктер эгер Кыргызстанды укуктук, же болбосо эркин, демократиялык багытта бараткан мамлекет катары таанып, качып келгендер эми келечекте, албетте, бизге келбейт. Бул, балким, өлкө бийлиги үчүн анча олуттуу маселе болбогондур, аларды бул кабатыр деле кылбайт чыгар. Бирок өлкөнүн бул жааттагы аброю дагы да болсо ылдыйлайт, жапа чегет".
Орус бийлигине сын айтып, четке чыгып кеткен жарандарын бул өлкө ар кандай жол менен кайтарып келип, жазага тартууга аракет кылат. Буга чейин Украинага согуш ачкан Кремлдин кадамын сынга алып, Кыргызстанга качып келген айрым активисттер Орусияга өткөрүлгөн.