Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Кыргыз-орус өнөр жай кооперациясы боюнча 3,5 млрд долларлык келишимдерге кол коюлат


“Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” конференциясы Жалал-Абадда өттү.
“Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” конференциясы Жалал-Абадда өттү.

11-октябрда Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан “Кыргызстан менен Орусиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлганы жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Конференциянын пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз өкмөтүнүн башчысы Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, кыргыз тарап орусиялык жеке бизнес мамлекеттик өнүктүрүү институттары менен биргеликте Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл буруп, бул багыттагы ишин активдештиришине кызыкдар экенин айтты.

Жапаровдун айтымында, 2018-2022-жылдар аралыгында ортодогу соода-сатык көлөмү 1,8 эсе өсүп, Кыргызстандан экспорт 3 эсе, ал эми импорт 19,3% көбөйдү. Былтыр соода жүгүртүү көрсөткүчү рекорддук чекке жетип, 3,4 млрд долларды түздү.

Былтыр Орусиядан түз инвестиция түрүндө 145 млн доллар келгени, бул сырттан келген жалпы инвестициялык салымдын 12 % түзөрү, быйыл биринчи жарым жылдыкта 87 млн доллар келип, жалпы инвестициялардын 20% түзгөнү белгиленди.

Бул күндөрү Кыргызстан Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапар менен келишине камданууда. Кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир топ иш-чаралар уюштурулуп жатат. Путин 12-13-октябрда Бишкекте болуп, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кезектеги саммитине катышат, Канттагы авиабазага да барат.

11-октябрда кыргыз парламенти Орусиянын абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу үчүн Канттан 5 гектар жер бөлүп берүү тууралуу мыйзамды дароо үч окууда карап, бир добуштан колдоп берди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG