Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

"Адилеттик, адам укугу үчүн акырына чейин күрөшөм"


Камил Рузиевдин, "Вентус" укук коргоо уюмунун жетекчиси
Камил Рузиевдин, "Вентус" укук коргоо уюмунун жетекчиси

Милициянын басымына даттанып, бирок прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тарткандан кийин үч жылдан бери соттошуп жүргөн укук коргоочу Камил Рузиевдин иши Жогорку Сотто каралды. Бул иш кайра Каракол шаардык сотуна кайтарылды.

Жогорку Соттун 20-сентябрда чыгарган чечимине ылайык, "Вентус" укук коргоо уюмунун жетекчиси Камил Рузиевдин иши Каракол шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Рузиев 2020-жылдын март айында сотко кайрылып, ага укук коргоо органдарынын кызматкерлери кысым көрсөткөнүн айтып чыккан.

Бул боюнча ал Ысык-Көл облустук прокуратурасына кайрылып, иш козгоону өтүнгөн. Бирок прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз жок деген чечим чыгарган. Буга байланыштуу укук коргоочу 2020-жылы Каракол сотуна кайрылып, бул ирет Жогорку Сотко чейин жетти.

Камил Рузиев
Камил Рузиев

"Кыйноого кабылганым тууралуу айтып, сотко адвокатым менен кайрылганбыз. Маселен, бул жерде кыйноо боюнча кылмыштын курамы бар болчу, анткени мен стресс болдум, аны комплекстүү экспертизанын жыйынтыгы да тастыктаган. Алгачкы сот отуруму Караколдо 2020-жылы 10-мартта болуп, анда сот прокуратура ишти мыйзамдын негизинде жапты деп тапкан. Биз чечимге нааразылыгыбызды билдирип, облустук сотко кайрылганбыз. 31-мартта облустук сот ишти карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Биз адвокатым менен кеңешип, Жогорку Сотко кайрылганбыз. 20-сентябрда Жогорку Сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун чечимин туура эмес деп таап, кайра кароого жиберди. Эми ишти Караколдун коллегиялдык соту жаңы курамда карайт", - деди Рузиев.

2020-жылы март айында прокуратура Рузиевге "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде иш козгоп, ал эки күн убактылуу кармоочу жайда болгондон кийин үй камагына чыгарылган. Укук коргоочу ошондо кыйноого кабылганын айтып келет.

Ал эми Рузиевге козголгон кылмыш иштери далилденген эмес. Маселен, 2023-жылдын 10-январында Жогорку Сот Рузиевди "Документтерди жасалмалоо" беренеси боюнча толук актап, ал документ жасалмалоо менен алектенбегени атайынжүргүзүлгөн экспретизанын жыйынтыгында да аныкталганын билдирген. Ал эми "алдамчылык" беренеси далилденбей, тергөөдө эле кыскарып калган.

Укук коргоочу өз укугун үч жыл дегенде коргой алганын айтып берүудө. Эми аны алдыда кайрадан соттук отурумдар күтүүдө. Рузиев Кыргызстандагы милиция, прокуратура жана башка күч органдары кайсы бир ишти тергөөдө адилетсиз чечимдерди чыгарууну улантып келатканына токтолуп, бул аларга болгон элдин ишенимин такыр жокко чыгарат деди:

"Соттор мыйзамсыз чечим чыгарган. Себеби башынан эле прокуратура мен кыйноого кабылганымды айтканыма карабай кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Бул УКМК да, милиция да, сот органдары да адилетсиз иштейт дегенди билдирет. Себеби мен УКМКга да кайрылып, чара көрүүнү суранган элем. Мен бул жолу да Жогорку Сот менин чындыгымды укпай, эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырат го деп ойлогом. Бирок 20-сентябрда такыр башка окуяга күбө болдум - судьялар үнүмдү укту, адвокатымды укту, мен абдан ыраазымын. Мен укук коргоочу болуп туруп, үч жыл дегенде адилеттикке жетип отурам. Ал эми жөнөкөй жарандар кандай кыйынчылыктарга кабыларын элестетиш мүмкүн эмес. Көбү акыйкаттык үчүн күрөшкө чыккан жолунан тайып, артка кетет. Мен өз мисалымда чындыкка өжөрлүк менен жетсе болорун далилдегим келди. Укук коргоочу болуп туруп артка кеткенге укугум жок эле. Мындан ары да күрөштү токтотпойм, акыр аягына чейин чындык деп жашайм".

Улуттук борбордун анализдерине ылайык, кыйноолордун 82-85% милиция кызматкерлери жасайт. Анализ көрсөткөндөй, милиционерлер буга кылмыштын бетин ачуу үчүн же ачылган кылмыштардын пайыздык көрсөткүчүн көтөрүү үчүн барат деп маалымдайт.

Кыргызстанда жабык жайларда, тергөө абактарында кыйноого кабылганын айтып, бирок акыйкаттыкка жетпей калгандардын саны ондоп саналарын Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков дагы "Азаттыкка" ырастап жатат:

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

“Биздин борбор тергөө изоляторуна киргизилгендер менен жеринен иш алып барып келет. Уюмдун статистикасына ылайык, 2022-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 131, ал эми 2023-жылдын алты айында 83 адам кыйноого кабылганы тууралуу акт түзүлгөн. Адатта арыздангандардын дээрлик бардыгы жабык жайларга кирердин алдында милиция кызматкерлери же башка күч органдарынын кыйноосуна кабылары борбордун жылдык баяндамаларында да көрсөтүлүп келет. "Жети жыл мурда кыйноого кабылганын же ошондой окуяга күбө болгонун ар бир үчүнчү киши айтса, азыр ар бир бешинчи киши билдирүүдө. Бизге 2022-жылдын алты айында 207 арыз түшкөн, быйыл 70 болду. Алардын ичинен кыйноо боюнча былтыр 82 арыз, быйыл 27 арыз түштү. Ар бири боюнча биз прокуратура органдарына тийиштүү документтерди жөнөтөбүз. Андан кийин иштин жүрүшүнө көз салабыз. Бирок мен жогоруда айткан сандар кыйноолор азайды дегенди билдирбейт. Маселен, арызданбай, акыйкаттык орнооруна көзү жетпегендер көп. Ошондуктан бул сандар реалдуулуктан алыс. Көбү арыз жазбайт, жазса да иш кыскарып, сотко жетпей калат".

2016-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстандын сот органдарына кыйноолор боюнча 28 адамга карата айыптоочу 12 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Кыйноолорду алдын алуу борборунун эксперти Камалдин Жапаровдун белгилешинче, 28 адамдын бирөө гана сот жообуна тартылган.

"Мен таң калам, сот органдары бул иштерди кандай гана созуп карап атат? Мисалы, Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдын башчысынын үстүнөн кыйноо фактысына байланыштуу козголгон кылмыш иши соңку жети жылдан бери каралып келатат, ал жоопко тартыла элек. Кантип 7-8 жылдан бери кыйноо фактысы далилденбей калсын? Бул жөн гана шалаакылык. Бизге өнөктөш мамлекеттик органдар, өзгөчө милиция, прокуратура, атайын кызмат өз ишине берилип мамиле кылганы бизге байкалбайт".

Кыйноо фактысы боюнча адилеттик издеп, Бириккен Улуттар Уюмунун комитетине чейин жеткендердин бири - Урмат Акунов. 2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети анын атасы - "2007-жылы Нарындын убактылуу кармоо жайында өзүн асып алды" деп эсептелген активист Бектемир Акуновдун өлүмүн кайра териштирүүнү талап кылып, Кыргызстанга ал талаптарды аткарууга алты ай мөөнөт чектеген. Бирок ал талап аткарылдыбы?

"Мен сот, прокуратура, милиция жана УКМКнын эшигин каккылап жүрүп чындыкка жеткен жокмун. Аягында БУУнун алам укуктары боюнча комитетине кайрылып, алар 2007-жылы атам абактагы кыйноодон улам каза болгонун тастыктап беришкен. БУУнун чечимин алып, эми Кыргызстандагы атайы органдар тиешелүүлөрдү жазалайт деп ишенгем. Иш жүзүнө келгенде андай болгон жок. Чакырып, тийиштүү бир иштерди да аткарган жок. БУУдан азыр бизге улам кат келип, "силердин укугуңарды коргоодо мамлекет кандай чараларды көрдү?" деп сурайт, биз кайра "жыйынтык жок" деп жооп жазып келебиз. Атамды өлтүргөн адамдар аппак бойдон калууда, алардын бири да жоопко тартылган эмес", - деди У. Акунов.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, БУУнун адам укуктарын коргоо комитети Кыргызстандын 30 жаранынын иши боюнча чечим чыгарып берген.

Эксперт Камалдин Жапаровдун белгилешинче, Кыйноолорду алдын алуу борбору 2022-жылдын жыйынтыгы менен жасаган баяндамасында БУУнун чечимдеринин 6% гана аткарылганын айтты. Ал эми 37% аткаруу үчүн тийиштүү органдарда каралууда.

Кыргызстандын Баш мыйзамында жазылган 116 берененин 42си адам укуктарын коргоого багытталган.

Укук коргоочу Рузиев сыяктуу кыйноого, кысымга кабылганын айтып, сот адилеттигин талап кылып, жылдап соттошкондор өлкөдө сейрек учурайт. Соңку жети жыл аралыгында Кыргызстанда бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолбогонун Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Жогорку Соттун маалыматтарына таянып билдирген. Мунун өзү кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же актоо чечими менен аяктай турганына далил.

XS
SM
MD
LG