Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Times Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн Британиядагы мүлкү тууралуу макала жарыялады


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары Улуу Британияда оффшордук компанияларга катталган 40 миллион фунт стерлингден ашык мүлкү бар экени тууралуу Times гезити жазды.

Улуу Британиянын жаңы эрежелерине ылайык, кыймылсыз мүлккө ээлик кылган оффшор компаниялар түпкү бенефициарларын жарыялоого тийиш.

Британ реестериндеги маалыматка караганда, Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын Лондондо 9,3 миллион фунт стерлингге бааланган сарайы, Челсиде наркы 31 миллион фунт стерлинг турган эки батири бар. Мүлк Панамадагы Tropicana Assets Foundation жана Villa Magna Foundation оффшордук компанияларында катталган.

Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев Беркширдеги Саннингхилл паркын 2007-жылы азыркы падышанын иниси, принц Эндрюдан оффшордук компания аркылуу 15 миллион фунт стерлингге сатып алган.

Times гезити Кулибаевдин Виргин аралдарында катталган компания аркылуу Гайд-парктын жанындагы 1,5 миллион фунт стерлинг турган кыймылсыз мүлкү да бар экенин билдирди.

Назарбаевдер буга комментарий берген жок.

2020-жылы “Азаттыктын” казак кызматы мурдагы президентинин үй-бүлөсүнүн Испания, Франция, Швейцария, АКШ, Чехия жана Улуу Британияда жалпы баасы 785 миллион доллардан кем эмес мүлктөрү бар экенин жазган.

XS
SM
MD
LG