Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Автогазга акциз салыгы киргизилип, баасы кымбаттады


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовдун айтымында, 1-июлдан тартып автоунааларга колдонулуучу газ 1,75 сомго чейин кымбаттады. Баа 1-июлдан тартып автоунааларга колдонулуучу суюлтулган көмүртек газына акциз салыгы киргизилгенине байланыштуу көтөрүлгөн.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2023-жылы 1-июлдан тартып 1 тонна газга 3000 сом акциз салыгы киргизилди.

Учурда Бишкекте газдын литри орто эсеп менен 30 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Кыргызстанда баасы арзан болгондуктан, машинесин бензинден газга өткөргөн айдоочулар көп.

Автоунааларга газ жабдыктары атайын органдын уруксаты менен орнотулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG