Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

"Адам укугу сакталбаса Ооганстанга айланыш оңой". Евробиримдикке кайрылуу


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги жапырт кармоого каршы жүрүш. 2022-жылдын октябры.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги жапырт кармоого каршы жүрүш. 2022-жылдын октябры.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Борбор Азия лидерлери менен Чолпон-Ата шаарындагы кездешүүсүн утурлай беш укук коргоочу уюм аны аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырды.

Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу, кыргызстандык "Лигал просперити" фонду, Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча демилгеси жана “Борбор Азиядагы адам укуктары” деген франциялык ассоциация кол койду.

Ал арада кыргызстандык укук коргоочулар "адам укуктары боюнча Баш мыйзамдын алты беренеси бузулуп жатканына" айтып, тынчсыздануусун билдирүүдө.

"Эл аралык макулдашуулардын аткарылышын талап кылсын"

Бир канча өлкөнүн адам укуктары боюнча иш алып барган уюмдары кол койгон кайрылууда, Европа Кеңешинин төрагасын адам укуктарынын абалын жакшыртууну шаркет менен мамилелерди бекемдөөнүн шарты катары талап кылууга үндөштү.

Укук коргоочулар ошондой эле региондо былтыр болгон саясий кризистер маалындагы адам укуктары одоно бузулган учурларды, ага жеткиргендерди жоопко тартуу талабын айтышты.

Кайрылуунун авторлору Казакстанда, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында жана Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасындагы массалык нааразылык акцияларын бийлик күч менен басканын белгилешкен. Алардын айтымында, үч мамлекеттин бийлиги ошол окуяларды жакшылап, көз карандысыз иликтебей жатат.


Муну менен катар укук коргоочулар Шарль Мишелди бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөөгө багытталган демилгелерге, анын ичинде Кыргызстандын депутаттары сунуш кылган мыйзам долбооруна көңүл бурууга чакырды.

Кайрылууда куугунтукка кабылган укук коргоочулар, активисттер, журналисттер менен блогерлердин ысымдары да аталган. Тизмеде Кыргызстандан укук коргоочу Рита Карасартова, иликтөөчү журналист Болот Темиров бар.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун өкүлү Сыйнат Султаналиева Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн барында көйгөй бардыгын, анын чечүүдө Евробиримдиктин салымы чоң болорун айтууда.

"Биздин байкоолорго ылайык, азыр адам укугуна байланышкан кырдаал Борбор Азияда жакшырган жок. Соңку 5-6 жылда позитивдүү реформалар болору күтүлүп, алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштаган Өзбекстанда деле дин эркиндигине байланыштуу берген убадалары аткарыла элек. Ал эми Кыргызстан эбак эле "демократиянын аралчасы" деген макамын жоготуп койгон. Бирок ага карабастан бул өлкө "эркин" деп эсептелинген мамлекеттердин катарында болуп келген. Өткөн жылдан баштап түрдүү мыйзам долбоорлору сунушталууда. Сөз эркиндигине басым күчөп, журналисттер сурак берип, камакка алынгандар көбөйдү. Тажикстандагы Тоолу Бадахшанда болгон өткөн жылдагы окуяда ондогон кишиге катуу жаза берилген. Бул өлкөдө эл оюн эркин айта албай калды. Казакстанда акыйкаттыкка жетүү кыйын болуп калганы байкалууда. Буга Январь окуялары мисал боло алат. Эффективдүү, көз карандысыз иликтөө боло элек. Канчалаган адамдар кыйноого кабылган. Евробиримдик мына ушул маселелердин барын ачык көтөрүп, бул өлкөлөр кол койгон эл аралык макулдашуулардын аткарылышын талап кылса, адам укуктары сакталат эле".

Былтыр Тажикстандын жана Өзбекстандын автономиялуу аймактарында башталган каршылык акциялары кандуу жазалоо менен аяктаган.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда (ТБАО) жана Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу республикасында ондогон адамдар набыт болуп, жүздөгөнү камакка алынды.

Укук коргоочулардын айтымында, жазалоодон жарандык коом катуу жабыр тартууда. Бул эки мамлекеттин авторитардык режими биринчи кезекте белгилүү укук коргоочуларды, журналисттер менен коомго сөзү өткөн жергиликтүү лидерлерди бутага алган.

"50 сапка ылдыйлап кеттик"

"Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын пикиринде, эгер жарандык коомду кодулап, сөз эркиндигин чектеген көрүнүш улана берсе кесепети оор болот.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

"Албетте, Кыргызстанда азыр адам укуктары боюнча абал жакшы эмес. Демократиялык мейкиндик чектелип, критикалык чекке жетти. Мисалы, сөз эркиндиги боюнча биз 50 сапка ылдыйлап кеттик. Блогерге кысым күчөп, адам укугун коргоо тажрыйбасынын абалы начар. Укмуштуудай мыйзам долбоорлорун президенттин аппаратынан баштап, депутаттарга чейин демилгелеп аткан учур азыр. Бул тууралуу укук коргоочулар дайыма эле айтып келаткан, бирок азыр бул кайрылуунун мааниси бөлөк. Евробиримдик жана Борбор Азиянын кызматташуусу тууралуу аймактык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Демек, кызматташуунун стратегиясы каралып жаткан учурга туш келгени абдан жакшы. Маселен, мындан аркы биргелешип иш алып барууда тараптар дал ушул маселени эске алуу менен иштеши толук мүмкүн".

Жакупова кызматташууга кол койгон өлкөлөрдүн өнүгүү стратегиясына адам укуктарына байланыштуу маселелер да жазылып, алардын сакталышы негизги принцип катары каралса, аймактагы өлкөлөрдүн башчылары буга көңүл бурушу мүмкүн дейт.

"Акыйкат соттук система жок болсо, эч убакта ал өлкөгө инвестиция келбейт. Укук коргоо органдары иштеп, мыйзамдар ачык, түшүнүктүү болгон күндө бизнес чөйрөсү өнүгүү жолуна түшөт. Мыйзамдын так иштеши акчасын салам дегендер үчүн жакшы шарт түзүп берет. Авторитардык өлкөлөрдүн башында тургандар өз жарандарынын укугу бузулуп атканына көп көңүл бура беришпейт. Алар негизги көңүлдү экономикага бөлөт. Бирок адам укуктары сакталбаса экономика кайдан өнүгөт, ага ким салым кошот? Биз дайыма Европа менен кызматташкыбыз келип, алардан кол үзгүбүз келбегенин билдирип келебиз. Бирок ошол эле учурда, батышты айыптаган мыйзам долбоорлорун сунуштап, баарына алар күнөөлүү экенин айтканыбыз бири-бирине карама каршы келүүдө. Экономикабыз өнүксүн, бирок "жапайы мыйзам" менен жашайлы дегенибиз да таң калыштуу. Эл аралык макулдашуулар иштеши керек. Бизде болсо улуттук салт, үрп-адаттарды гана сактоого чакырып, илгеркиге үгүт бар. Биз азыр XXI кылымда жашап аткандан кийин ага шайкеш келген иштерди жасаганыбыз жакшы. Эгер азыркы турушубуз менен кете берсек, Ооганстан болуп калабыз. Саясий кризис бизде адатка айланды. Эч нерсеге аралашпаган, кризиске кирептер болгон, дайыма революция болуп турган өлкөгө айланып калабыз. Саясат, мыйзам, экономика баары бири-бирине тыгыз байланышкан".

Азыркы тапта адам укуктары одоно бузулуп, өлкө авторитардык режимди көздөй ооп барататканын Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, коомдук ишмер Турсунбек Акун да белгилейт. Ал азыркы тапта Баш мыйзамдын бир нече беренелери бузулуп жатканын мисал тартты.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

“Адам укуктары өтө төмөн деңгээлге жетти. Былтыркы жылдан бери өз оюн эркин билдирген, позициясынан тайбаган, жыйындарга чогулган 27 адам камалып, иш козголду. Конституцияда жазылган ар бир кыргыз жаранынын 32, 35 жана 39-бернеси, жалпысынан 6 беренеси бузулуп, Адам укуктары боюнча декларациянын 12 беренеси сакталбай турат. 5-майда Баш мыйзамдын отуз жылдыгын белгилегенде бул тууралуу айттым. Тынчтыкбек Чоротегин, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев, Турсунбай Чыныбеков баш болуп демократиялык, укуктук коом деп күрөшүп келгенбиз. Өмүрүбүздү сайып жеткен “демократиянын аралчасы” аталган Кыргызстанды авторитаризмге, диктатордук режимге алдырып жибергибиз келбейт. Тилекке каршы, 23-октябрдан бери авторитаризмдин белгилери пайда болду. Азыр мисалы, Адахан Мадумаров боюнча кеп козголуп атат. Ансыз да парламентте өз пикирин айткан, бийликти сындаган 4-5 эле депутат бар. Алардын оозун жабуу жакшы жыйынтыкка алып барбайт”.


Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталышындагы экинчи саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

3-июнда Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Мишелдин сапары Орусиянын Украинага каршы согушунун геосаясий кесепеттеринин фонунда шаркеттин Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жаткан учурга туура келүүдө.

XS
SM
MD
LG