Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Депутат ЖМК, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын кесепетин эскертти


Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 31-майдагы жалпы сессияда атайын билдирүү жасап, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сунуштады. Бекешев бул мыйзамдардын кесепеттерине токтолду.

“Урматтуу депутаттар жаман жаңылыктар менен күрөшүү максатсыз. Жакшы жаңылыктар менен кошо жаман жаңылыктар дагы болот. Бул нормалдуу көрүнүш. Мыйзамдын жардамы менен күрөшүү туура эмес. Соттун чечими чыккан “Азатттык” өз атасы зордуктап жүргөн кыз жөнүндө коомчулукка алып чыкты. Бул массалык маалымат каражаты болбосо, мындай жапайы окуяны билбей калмакпыз. Экинчи парламентте пайда болгон мыйзам долбоору. Коммерциялык эмес уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы деп таануу коммерциялык эмес уюмдардын секторунун баарын талкалайт. Саясатка тиешеси жок көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жабылат. Мага кечээ бир эколог жазды. "Мыйзам долбоорун окуп чыктым, жапканга мажбур болом" дейт. "Бирок, мен чыккынчылык кылган жокмун" деди”, - депутат.

Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштаган. Медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыккан бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтып чыккандан кийин президент Садыр Жапаров 7-декабрда мыйзамды “жеткире иштеп чыгуу үчүн” деген негизде 21 адамдан турган жумуш тобун түзгөн.

Бирок, медиа тармактын өкүлдөрү президенттик администрация жумушчу топтун мүчөлөрүнүн пикирин эске албаганын айтып чыгышты.

Парламенттин бир нече депутаты “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар анда бейөкмөт уюмдардын ишине чектөө киргизилген жоболор камтылганын билдирүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG