Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Депутат Нарматованын уулу экени айтылган бажы кызматкери үй камагына чыкты


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу экени айтылган коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерин Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда үй камагына чыгарды. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы келтирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинде иштеген үч бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын УКМК май айынын башында кабарлаган. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы шектүүлөр 22-майга чейин абакка камалганын билдирген.

Коррупцияга шектелип кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу Азатбек Нурдинов экендигин ишенимдүү булактарына таянып, бир катар ЖМКлар жазган. Маалыматтарга караганда, Азатбек Нурдинов Ош бажысында эмгектенет.

Бул боюнча депутат Нарматова жана анын жакындары комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыктын" суроосуна "комментарий берилбейт" деп жооп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG