Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

COVID-19 Кыргызстанда 107 дарыгердин өмүрүн алганы расмий тастыкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда 107 медицина кызматкеринин өмүрүн алганы расмий тастыкталды. Бул тууралуу маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды.

Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны дээрлик 8 миңге чамалаганы, алардын арасында мамлекеттик да, менчик да медициналык жайлардын өкүлдөрү бар экени маалымдалды.

Саламаттык сактоо мекемелеринин вирусту жугузуп алганы тастыкталган 3520 кызматкерине 629 миллион 579 миң сом кенемте төлөнүп берилди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус же COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал режими аяктаганын быйыл 5-майда билдирди.

Кытайда 2019-жылдын аягында башталган мурда белгисиз коронавирус инфекциясынын эпидемиясынан улам 2020-жылдын январында глобалдык алкакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Коронавирус Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталып, расмий эсепте 206 миңден ашуун адамга жуккан. Анын үч миңдейи каза тапты. Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган.

Пандемияда каза болгон дарыгерлер тууралуу "Азаттык" ошол күндөрү ар биринин таржымалын баяндаган макалаларды жарыялап турган. (RK)

XS
SM
MD
LG