Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Бектур Асанов менен Акыл Айтбаев дагы эки айга камакта калды


Жарандык активист Али Шабдан дагы эки айга камалды. 15-февраль, 2023-жыл.
Жарандык активист Али Шабдан дагы эки айга камалды. 15-февраль, 2023-жыл.

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган саясатчы Бектур Асанов менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасын карап, экөөнү тең 20-апрелге чейин тергөө абагында калтырды.

Буга чейин аталган соттун чечими менен жарандык активист Али Шабдан менен саясатчы Равшан Жээнбековдун камак мөөнөтү эки айга узартылган. Ал эми жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматова эки айга үй камагына алынды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG