Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Сырттан келген жалпы насыянын 137 миллиард сому электр тармагына жумшалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эгемендик жылдары электр тармагын реформалоо үчүн сырттан жалпысынан 137 миллиард 87 миллион сомдук (болжол менен 2 миллиард долларга жакын) насыя алган. Бул тууралуу бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди:

"Эң чоңдорун айтайын - "Датка-Кемин" линиясы, CASA-1000 долбоору, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору. Калгандары - "Айгүл-Таш - Самат" линиясы, Баткен облусун электр менен жабдууну жакшыртуу, Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыздоо, подстанцияларды куруу".

Сырттан келген насыя акчаны максатка ылайык пайдалануу керектигин депутаттар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо маселесин карап жатканда айтышты.

2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG