Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Эксперттер климат тездик менен начарлап баратканын белгилешет


Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы Борду тездик менен эрип бараткан мөңгүлөрдүн бири. ("Азаттыктын" журналисттери мөңгүдө, 5-июль, 2021-жыл)
Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы Борду тездик менен эрип бараткан мөңгүлөрдүн бири. ("Азаттыктын" журналисттери мөңгүдө, 5-июль, 2021-жыл)

Соңку сегиз жыл илимий байкоолордун тарыхында эң жылуу жылдардан болуп, деңиз деңгээлинин көтөрүлгөнү миллиондогон кишинин өмүрүнө коркунуч жаратууда. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМУ) эксперттеринин мындай корутундусу глобалдык климаттын абалы тууралуу 2022-жылкы алгачкы баяндамада айтылат. Жаңы баяндама Шарм-эш-Шейхте башталган климат саммитине тушташ 6-ноябрда жарык көрдү.

ДМУнун маалыматына караганда, соңку көрсөткүч 1850-1900-жылдардагы глобалдык абанын орточо температурасынан 1,15 градуска жогору болду. 2021-жылы дүйнөлүк океандын жылыганы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Адистер белгилегендей, деңиздеги суунун деңгээли 1990-жылдарга салыштымралуу эки эсе көтөрүлгөн. Мөңгүлөр соңку маалда тездик менен эрип жатканы байкалат.

ДМУнун баш катчысы Петтери Таалас глобалдык абага чыккан зыяндуу газдардын көлөмү азыркыдай өлчөмдө кала берсе Париж келишиминин шарттарын аткаруу мүмкүн эместигин билдирди. Эл аралык документ глобалдык абанын жылышын 1,5 градустан өткөрбөй кармап турууга милдеттендирет.

Таалас мөңгүлөрдүн эриши «жүздөгөн, миңдеген жылдарга созулуп, таза суунун тартыштыгын жаратарын» белгиледи.

Дүйнөлүк уюмдун жетекчиси азыр деңиз деңгээлинин көтөрүлгөнү жылына миллиметр менен саналып жатса, жүз жылдыкта жарым метрден бир метрге чейин жетерине токтолду. Бул миллиондогон кишинин өмүрүн тобокелге кептеп, көптөгөн мамлекеттер кризиске дуушар болот дегенди билдирет.

Жаңы баяндамада айтылгандай, былтыр атмосферага чыккан булганыч газдар – көмүр кычкыл газы, метан жана азоттун кычкылы максималдуу чекке жетти.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган. Эгер абанын ысыганы токтобосо, Кыргызстан жакынкы 50 жылда көп мөңгүсүнөн кол жуушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG