Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Ошто казиного каршы акция өттү


Ош. 2022-жылдын 30-майы.
Ош. 2022-жылдын 30-майы.

Бүгүн 30-майда Ошто казиного каршы тынчтык акциясы өттү. Катышуучулар “Кыргызстан казиного каршы”, “Ош казиного каршы” деген жазууларды кармап турушту.

Акцияда чыгып сүйлөгөндөр өлкөнү өнүктүрүүнүн башка жолдорун издөөнү, казино динде арам экендигин айтып, мыйзамды артка кайтарууну талап кылышты.

Соңунда катышуучулар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу, чет элдик онлайн букмекерлердин жана казинолордун Кыргызстанда иштөөсүнө тыюу салуу, көмүскө иштеп жаткан казино жана кумарканаларды тез арада жабуу деген үч талап коюшту.

Жогорку Кеңеш 11-майда чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Анда кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алары, Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынары жазылган. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбанов кумарканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 миллиард сомдон, 2024-жылы 2 миллиард сомдон ашык каражат түшөрүн билдирген.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алышкан.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурда мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан. (AAb)

XS
SM
MD
LG