Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Депутат кумаркана мыйзамы балдарга да казино ойноого жол ачарын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт сунуштап жаткан кумаркана мыйзамы балдарга да онлайн казино ойноого жол ачарын бүгүн 30-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал эгер сунушталып жаткан мыйзам азыркыдай мазмунда кабыл алынса казино оюндары чет өкөлүктөргө гана эмес, бардык кыргызстандыктарга, анын ичинде балдарга да жеткиликтүү болот деген оюн айтты:

“Мен өзүм биринчи окууда колдогом, бирок алар азыр онлайн казино кылабыз деп жатышат. Демек, бул чет өлкөлүктөргө гана эмес, бүт жарандарга болот. Онлайн казинону балдар да ойной алышат. Башаламандык болот”.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү мыйзам долбоорун комитеттин бүгүнкү отурумунда карап берүүнү өтүндү, бирок маселени күн тартибине киргизүу сунушу колдоо тапкан жок.

Кыргыз парламенти чет элдик жарандар үчүн гана казино ачууга жол берген, "Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорун 11-майда биринчи окууда колдогон.

Долбоорду парламентте экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Улан Сарбанов коргоп, мыйзамдын максаты инвестиция тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө шарт түзүү экени белгилеген жана экинчи окууга чейин жакшылап иштелип чыгарын, Кыргызстандын жарандарына тыюу салынарын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG