Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Кыргыз-өзбек чек арасы: такталган тилкелерге белги орнотулат


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун алгачкы жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору талкууланды.

Маалыматка ылайык, жумушчу топтор кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерди макулдашуу үчүн жолугушкан. Жыйынтыгында чек араны демаркациялоонун ченемдик-техникалык документинин долбоорун макулдашты.

"Такталган жерге белги коюлат"

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев такталган аймактарга белги орнотуу иштери жайында башталарын маалымдады.

“Делимитация болгон чек араны демаркациялоо боюнча биринчи жолугушуу өттү. Бул деген сөз жайында чек ара сызыктарына казык кагып, белгилөө деп түшүнсөк болот. Такталган аймактарга чыгып белгилөө башталат. Калган такталбаган сызыктар боюнча эми сүйлөшүү жүрөт”.

Бөрүбаев чек арадагы кайсы аймактарды чек ара белгилери коюларын тактаган жок. Анын айтымында, кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтөт. Кыргызстан Өзбекстан менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары аркылуу чектешет. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% такталган.

5-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрүп, анда кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды. Жыйынтыгында Ташиев өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берген.

Ала-Буканын тургуну, жергиликтүү активист Шайырбек Стамкулов чек аранын такталышы менен жергиликтүүлөрдүн санаасы тынчыйт деген пикирде. Анткени акыркы жылдары чек арада чыр-чатактар аз катталганы менен чочулоо бар.

"Эл үчүн чек аранын чечилгени жакшы болмок. Баары зым менен тосулуп турса аткезчилик азаймак. Аткезчилик кылгандарга такталбаган аймактар жакшы болсо керек. 5-6 жыл мурда коңшулар кирип малыбызды айдап кеткен учурлар болгон. Азыр андайлар азайды. Ошентсе деле чек ара толук чечилишине убакыт келди".

Кемпир-Абадга такалган чек ара маселеси

Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы март айындагы Өзбекстанга мамлекеттик сапарында өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен чек арадагы негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бул сапардын жыйынтыгында "кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилип, эми расмий бекитүү гана калганын" маалымдаган эле.

Бирок кыргыз бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу позициясы социалдык тармактарда сынга кабылып, Оштун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда жергиликтүү тургундардын катуу нааразычылыгы менен коштолгон. Ошондон кийин расмий Бишкек Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү макулдашуусунан баш тартарын жарыялаган.

2021-жылы июль айында атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев маалымат жыйында Өзбекстан менен чек араны чечүү аракети уланып жатканын билдирген.

“Өзбекстан менен чек ара чечилип жатат. Чынын айтыш керек, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан чек араны тез арада чечсек деп ойлогонбуз. Мамлекеттин чек араларын бекемдесек, элдин көйгөйүн чечсек деп эле аракет кылып, чуркап атабыз. Бирок бул маселе тез арада чечилип кетпешине мына, эми азыр күбө болуп отурабыз. Аракетти токтоткон жокпуз, буюрса, жакында чечебиз”.

Чек ара боюнча жергиликтүү адис Жумали Адилбаев кыргыз-өзбек чек арасындагы жарга такалган маселелерге токтолду.

Жумали Адилбаев.
Жумали Адилбаев.

“Эми чек ара маселесин шыр чечип салуу кыйын. Атамбаев бийликке жаңы келгенде 70-90% сүйлөшүлдү, тез арада баары чечилет деген. Кийинки бийлик келгенде Ташиев дээрлик чечип койдук деген болчу. Көрсө, анча-мынча маселелер сүйлөшүлбөй калып, ошонун кесепети эми тийип жатат. Кечээ Ала-Букада чек арада маселе чыкты. Кемпир-Абад боюнча бир топ көйгөй бар. Суу астындагы жер Өзгөн районуна карайт. Ал Өзбекстанга өткөн эмес. Өзбекстан анын ордуна Наманган, Фергана облустарынан жер тилкелерин берген. Алар чачкын жана кайрак жерлер болгон. Андан кийин суу сактагычтан Кыргызстанга эки канал курулушу керек эле. Анын бирөө гана эптеп курулган. Суу сактагычка сууну толтурууда маселе бар. Кыскасы ушул сыяктуу маселелер көп. Кемпир-Абаддан сырткары Өзбекстандын Кыргызстанда майда-майда төрт, Кыргызстандын Өзбекстанда кичинекей бир анклав болгон жерлери бар. Алар кандай чечилет белгисиз. Бул дагы баш оору. Чек араны чечүү бир тараптан гана көз каранды эмес. Эми кылымдап кошуна жашагандыктан эки мамлекет тең бири-бирине мунасага барышы керек. Бирок бул качан ишке ашат азыр так айтуу кыйын”.

Эки өлкө башчылар чек араны тез арада чечебиз деп айткан бир жылдан бери эки тараптан тең жергиликтүү эл чогулуп, бир-эки жолу майда түшүнбөстүктөр орун алды.

5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 48 жаштагы тургуну, 22-24 жаштардагы эки баласы менен өзбек чек арачыларынын огуна каза тапты. Бир ай мурун, 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган. Өзбек тарап алар мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүрүүдө. Акыркы жылдары өзбек-кыргыз чек арасында ок атылган, адам өмүрү кыйылган кырдаал орун алган эмес.

Кыргызстанда адистер коңшулар менен чек аранын такталбаган аймактары аткезчилик жүктөрдү өткөрүүгө шарт түзөрүн айтып келишет.

Мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов такталбаган чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилейт. Мамытов чек араны тактоодо борбордук бийликтен гана чечим кабыл албастан, жергиликтүү эл, администрациянын катышуусу Кемпир-Абаддагыдай чырларды алдын алмак дейт.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Тоо, токой, талааны кыдырып чек араны тактоо иштерине облус, район башчылары, жергиликтүү депутаттар жана аксакалдар катышса жакшы болмок. Комиссия алар менен тыгыз иштешип баштаса, бардык маселе чечилбесе дагы жергиликтүүлөрдүн каршылыгы азайып, коңшулар менен чек араны чечүүдө жеңил болмокпу дейм. Далай чоң мамлекеттерде чек арасы чечилбеген учурлар бар. Бирок алар атышып, чырдашкандары аз эле. Анткени жергиликтүү элге жүк алып өтүү, ары-бери каттоо жана башка маселерди жакшылап түшүндүрүү иштери болот”.

Учурда эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун башкаруусундагы акыркы жылдары Ташкент-Бишкек мамилеси бузулуп, өткөрмө бекеттерге катаал эрежелер киргизилген. Беш жылдай жабык турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эң көп эл каттаган "Достук" чек ара бекети 2017-жылы сентябрда ачылган эле.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси коңшу өлкөгө Шавхат Мирзиёев президент болуп келгенден бери оңоло баштаган. Андан бери кыргыз-өзбек президенттери чек араны тактоодон сырткары, темир жол, энергетика сыяктуу чоң долбоорлор жөнүндө дагы сүйлөшүп жатышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG