Кочкор районунун тургуну совет мезгилинен бери жашап келген "Кочкор" асыл тукум кой чарбасына караштуу турак жайы талашка түшкөнүн айтып, "Укугум бар" программасына кайрылды. Ал эми экинчи тарап имаратты менчикке сатып алганын айтууда.
Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылындагы “Кочкор” мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү эксперименттик заводунун балансында турган имаратта 27 жаштагы жалгыз бой келин Жылдыз Үсөнбекова үч баласы менен жашайт.
"Беш бир туугандын улуусумун. Он жыл мурда атам, жети жыл мурун апам оорудан кайтыш болгон. Кичинекей инилерим менен сиңдилерим Кара-Балтада интернатта. Бир иним былтыр ал жерди бүтүрүп, Москвага иштегени кеткен. Өзүмдүн үч балам бар, жалгыз боймун, жолдошум менен ажырашкам. Ата-энем турган үйдө балдарым менен жашап жүргөм. Былтыр мага Шарыя Алтыбаева деген эжеке келип, "үйдү биз сатып алганбыз, чыккыла" деп коркутуп кетти. Ошондон бери сотто жүрөбүз".
Жылдыздын айтуусунда, анын чоң атасы союз мезгилинде кароолчулук кылып иштеп, беш бөлмөлүү бул үйгө жайгашып калган экен. Кийин ата-энеси да жашап, Жылдыздын балалыгы да ушул жерде өтүптүр.
"Чоң атам ошол совхозго караштуу сарайга кароолчу болуп кирип, ошол жакта жашап калышкан экен. Жетекчилер чоң атамды "караганча жашап тур, биз сага өткөрүп беребиз" деп коюшуп, бирок жең ичинен башкаларга сатып жиберишиптир. Азыр эми Шарыя Алтыбаева деген аял "үй короо-жайы менен меники, биз сатып алганбыз, чыккыла" деп талашып жатат".
Жылдыз төрт бир тууганы жана үч баласы менен кайда барарын билбей, чоң атасы, ата-энеси жашап жүргөн турак-жайдан чыкпай койгон. Экинчи тарап аларды короодон чыгарып берүүнү өтүнүп, сотко кайрылган. Кочкор райондук соту доогер тарап - Шарыя Алтыбаеванын арызын канааттандырып, Жылдыз Үсөнбекованы бир туугандары жана балдары менен чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Жылдыз райондук соттун чечимине нааразы болуп, Нарын облустук сотуна кайрылган.
Облустук сот Жылдыздын өтүнүчүн жарым-жартылай канаатандырып, мурдагы инстанциянын чечимин жокко чыгарган жана ишти башка соттук курамда кайрадан кароого Кочкор райондук сотуна жиберген.
Жылдыздын сөзүнө караганда, анда учурда жашап жаткан турак жайга ээлик кылуу боюнча бир да документ жок. Ата-энесинде да болгон эмес. Болгону чоң атасы “Кочкор” мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү эксперименттик заводунун балансында турган имаратка кароолчулук кылып иштегени тууралуу гана кагазы бар.
"Үйдү мыйзамдуу ээсине бошотуп берсин"
Бир кездеги асыл тукум кой чарбасына таандык имаратты менчигине чыгарып, сатып алган Шарыя Алтыбаеванын ишенимдүү өкүлү Жумабек Эсенбаев менен байланыштык. Адвокаттын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бир кезде "Семиз-Бел" совхозуна таандык болгон имаратты 2003-жылы Алтыбаеванын күйөөсү Жаныш Сейитбеков менчикке чыгарып, сатып алган. Ал өзү 2018-жылы кайтыш болгон соң, мыйзамдуу мураскер катары анын жубайы Шарыя Алтыбаева өзүнө өткөрүп алган.
"Бул имаратты ал 2003-жылы 25-февралда 42 сотых жери менен сатып алган. 2018-жылы жүрөгү ооруп, кайтыш болгон соң, жубайы мыйзамдуу мураскору болуп калып, тиешелүү күбөлүгүн алган. Булардын да бала-чакасы бар, ошондуктан, өздөрүнө тиешелүү имаратты бошотуп, оңдоп-түзөйлү дешсе, андагы жаш балалуу келин чыкпай жатат. Биз аны өз билемдик кылып кирип, жайгашып алган имараттан мажбурлап чыгарып берүүсүн өтүнүп, сотко кайрылганбыз".
Жумабек Эсенбаев кошумчалагандай, алар облустук соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот облустук соттун чечимин жокко чыгарган. Учурда бул иш Кочкор райондук сотунун кароосунда.
"Жерди, короону алышсын. Мага үйдү берсе болду"
Жылдыз Үсөнбекованын айтуусунда, сот учурунда Алтыбаеванын күйөөсү Сейитбековдун менчигине чыгарылган жердин өлчөмү 42 сотых деп жазылып жүргөнүн, ал эми чыныгы иш жүзүндө турак жай жайгашкан жердин аянты 48 сотых экени белгилүү болгон. Жылдыз доогер тарапка 42 сотыхты берүүгө макул экендигин, калган 6 сотыхты өзүнө калтырууну сунуш кылган:
"Чынында короо-жай өтө чоң, жери көп. Мага алардын баарынын кереги жок. Балдарым менен жашап турган үйүмдү эле калтырышса болду эле. Алар менин мындай сунушумду уккулары да келген жок. "Жок, толук бошотуп бер" деп жатышат. Мен чиедей балдарым, кичинекей бөбөктөрүм менен кайда барам?"
Үч баласын жалгыз чоңойтуп жатканын, карамагында дагы үч кичинекей инилери жана сиңдиси бар Жылдыз качандыр бир мезгилде менчикке чыгарылган жердин аянтын так эсептетип, менчик ээсине сатылган 42 сотых жерден ашыкча жерге, анын ичинде имаратка ээлик кылууга укугу барбы деген суроо менен адвокатка кайрылдык.
Жарандык иштерде турак жай маселелери боюнча эксперт, адвокат Алишер Бектуровдун "Азаттыкка" билдиргендей, Жылдыз Үсөнбекова бул өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке кайрылууга укугу бар:
"Ал айткандай, менчикке чыгарылган жердин аянты менен алар учурда жашап турган жердин аянтында айырма болсо, ашыкчасын ээлеп калуу үчүн жергиликтүү бийликке же айыл өкмөткө кайрыла алат. Эгер айыл өкмөт бербей, баш тартса, анда сотко берүүгө укугу бар. Бирок айыл өкмөттүн да тургундарга жер тилкесин берүүдө атайын жоболору бар, ошонун негизинде берүү же бербөөнү өзү чечет. Эгерде башка бирөөнүн атына катталып калса, анда ошол убакта 18 жылдан бери жашап келе жатканын далилдеген документтери менен сотко кайрылса болот".
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ар бир кыргыз жараны өмүрүндө бир жолу мамлекеттен турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алууга укуктуу.