Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

"Центерра" Кумтөргө ээлик кылбай турганы расмий жарыяланды


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча бүгүн, 20-ноябрда билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан.

"Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду", - деген Жапаров.

Centerra Gold Inc. компаниясынын бул тууралуу билдирүүсү 19-ноябрда сайтына дагы жарыяланды. Centerra Gold Inc. мындай чечимди Онтарио провинциясынын (Канада) Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен кабыл алган.

Centerra Gold 19-ноябрдагы отчетунда Кыргызстан тараптан жасалган айрым кадамдар Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин айткан. Компания буга кенди "басып алуу" себеп болгонун белгилеген.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, кыргыз өкмөтү Centerra Gold Inc. компаниясынын башкаруусунда өлкөнүн жаратылышы менен экономикасына зыян алып келгенин таанууга чакырып келет.

"Эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектөө тууралуу кеп жүрбөгөндүгүнө күбө болот деп эсептейбиз. Министрлер кабинети мыйзам үстөмдүгүн жана Кыргызстандын элинин улуттук кызыкчылыгын активдүү жактоону улантат", - деп жазылат өкмөт тараткан маалыматта.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

"Центерра" кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөнү менен канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка расмий жана толук жарыялай элек.

22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” башкарууну кыргыз тарап өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө барып, алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн басма сөз кызматы 13-ноябрда билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG