Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Марипов Ооганстандагы окуялардын кооптуулугун эскертти


Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны. Чолпон-Ата, 19-август, 2021-жыл.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны. Чолпон-Ата, 19-август, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Ооганстандагы акыркы окуялардын тездик менен өнүгүшү аймактык коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканын айтты. 19-августта Чолпон-Атада башталган жыйында Марипов акыркы окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизиши шексиз экенин билдирди.

"Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табият кырсыктары көбөйүүдө. COVID-19га байланыштуу кырдаал, эмдөө, ооругандардын саны убактылуу басаңдаганына карабай кооптуу кырдаал сакталууда. Бул көйгөйлөргө каршы бирге туруп, жаңы чакырыктарды жеңип чыга аларыбызга ишенем", - деди ал.

Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында кабыл алынган чечимдер ЕАЭБге интеграциялашууга мыкты түрткү берерине ишенерин кошумчалады.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтүүдө.
Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышууда.

Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышмакчы. (BCh)

XS
SM
MD
LG