Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Кыргыз-тажик чек арасы: эки протоколдун сыры жана чыры


Кыргызстандын картасы жана анын ичиндеги Ворух анклавы. Анклав Тажикстанга карайт.
Кыргызстандын картасы жана анын ичиндеги Ворух анклавы. Анклав Тажикстанга карайт.

Ошто кыргыз-тажик чек арасы тууралуу топографиялык топтордун жыйыны өтүп, дагы бир протокол кабыл алынды. Мурдараак Баткенде кол коюлган протоколдун мазмуну да коомчулукта чоң талаш-тартыш жаратууда.

Ал арада Орусиянын лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасын талкуулады.

Жаңы протоколдун баяны

Кыргыз өкмөтү чек арага байланыштуу түзүлгөн топографиялык топтордун Оштогу беш күндүк сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө азырынча толук маалымат берүүдөн карманууда. Расмий билдирүү кыска гана чыкты.

Жарыяланган сүрөттө көрүнүп тургандай протоколго өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кол койгон. Тажик тараптан Жер башкаруу жана геодезия комитетинин төрагасы Ориф Хожазода болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун протоколго кол коюу учуру. 5-9-май, 2021-жыл. Ош, Кыргызстан.
Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун протоколго кол коюу учуру. 5-9-май, 2021-жыл. Ош, Кыргызстан.

Министрлер кабинетинин маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова “Азаттыкка” буларды айтты:

“Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 5-9-майында Кыргызстандын Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү”, - деди ал.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында соңку жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу куду ушундай маалымат коюлду. Кыргыз тарап менен тажик тараптын орусча тексттери жадагалса үтүр-чекиттерине чейин окшош болду. Ошентип, эки тарап тең протоколдун мазмуну жөнүндө деталдуу эч нерсе айтышкан жок.

Камчыбек Ташиев Баткенде. 2-май, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев Баткенде. 2-май, 2021-жыл.

Бирок мурдараак Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы, кошумча Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектеген Камчыбек Ташиев бул жөнүндө учкай айтып берген эле. 2-майда Баткендин Максат айылында жергиликтүү эл менен жолугушуп жатып, ал мындай деген:

“Кол коюлган протокол боюнча 112 чакырым жерди чийүүгө бердик. 5-9-май күндөрү чийилип бүтөт. Ал жерди келишимге киргизип, президенттер кол коюп, ратификациялангандан кийин демаркация ишин баштайбыз. Бул Кулундуга чейин келди. Кийинки баскыч менен бул жакка чейин келет. Бардык жерди эки элдин кызыкчылыгына жараша чечебиз”, - деген Камчыбек Ташиев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

Чуу жараткан документ

Ушул жерден биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери 1-майда Баткенде кол койгон протоколдун мазмунун эстеп алалы.

Демек, Кыргызстандын атайын кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов он күнчө мурда кабыл алган протокол төрт пунктан турат. Бул кийин, 6-майда тажик тарап протоколду жарыялаган соң белгилүү болгон.

Анын мазмунуна кыргыз сегментинде нааразылыктар жаралган соң 7-майда Кыргызстандын өкмөтү да документтин текстин толук жарыялаган.

Кыргызстандын атайын кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов баштаган делегациялардын жолугушуусу. Баткен, Кыргызстан. 1-май, 2021-жыл.
Кыргызстандын атайын кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов баштаган делегациялардын жолугушуусу. Баткен, Кыргызстан. 1-май, 2021-жыл.

Тараптар келтирген тексттерде көрүнүп тургандай, Кыргызстан менен Тажикстандын жооптуу адамдары биринчи кезекте кыргыз-тажик чек арасындагы №43 - №61, №135 - №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну макулдашкан. Ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан.

Расмий маалымдалгандай, мындагы №43 - №61 чекиттер Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Бирок алар райондун кайсы айылдары экени белгисиз.

Лейлектик активисттердин бири Асылбек Кунгуров тийиштүү тилкелерге байланыштуу оюн мындайча айтты:

“Лейлек районундагы чекиттер Кулунду айыл аймагына же Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тиешелүү болушу мүмкүн. Себеби, соңку чатакта эң көп жабыркаган Максат деген айыл Кулундуга, Арка-1, Арка-2 деген айылдар Жаңы-Жерге карайт. Так ушул эки айыл өкмөт тең Тажикстан менен чектешип турат жана делимитация, демаркация болбогон жерлери көп. Башка айыл өкмөттөрдө деле ушундай маселе бар, бирок аларда жаңжалдар мынчалык болчу эмес”.

28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кагылышта жабыркаган кыргыз айылдарынын айрымдары.
28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кагылышта жабыркаган кыргыз айылдарынын айрымдары.

Өкмөт берген түшүндүрмөдө кыргыз-тажик тилкесиндеги чийүүгө берилген №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки аралык Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына туш келери айтылган.

Маалыматтарга ылайык, Кара-Бак айыл аймагында жети-сегиз айыл бар. Алар Кара-Бак, Бай-Кара-Бак, Чет-Кызыл, Дөбө, Кызыл-Бел, Достук жана Зардалы.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун “Азаттыкка” мындай маалыматтары менен бөлүштү:

“Кара-Бак айыл аймагы баштан-аяк Тажикстан менен чектешет. Эгер мен жаңылбасам, ошонун дээрлик баары тактала элек. Лотоктон, коллектордон, дөңдөн бөлүнөт деген шарттуу чек ара бар, бирок чечилип, атайын белгилеп коюлган эмес. Азыркы чийилип жатат деген №135 жана №141 чекиттерин мен “госрегистрде” иштегендерден сурасам, Кызыл-Бел айылындагы жерлер экен. Ошондо Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш жагы болуп калат”, - деди маектешибиз.

Айланма жол жана анклав

Баткенде май айынын башында кабыл алынган протоколдун мындан башка жагдайлары коомчулукта дале түшүнбөстүк жана коркунуч жаратып келүүдө.

Анын биринчиси, тараптардын Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип куруу чечими.

Учурда бул эки аймакты бириктирген эки жол бар. Бири Кыргызстандын Ак-Сай айылынын ичи менен өтсө, экинчиси анын батыш тарабы - Бакай айылы менен өтөт. Эми болсо жаңы жол эми кайра эле Кыргызстандын башка, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган болууда. Жаңы жолду тажик тарап гана колдонот, аны оңдоону да өз милдетине алат.

Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандын Ворух анклавына куруу пландалып жаткан жолдун болжолдуу сызыгы. Кызыл сызык ыктымал жол, сары сызыктар азыркы жолдор.
Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандын Ворух анклавына куруу пландалып жаткан жолдун болжолдуу сызыгы. Кызыл сызык ыктымал жол, сары сызыктар азыркы жолдор.

Кыргызстандык саясатчылар, активисттер жана тургундар так ушул жагдайды сынга алып, муну “иш жүзүндө Ворухга берилген коридор” деп аташууда.

Экс-министр, экс-депутат Улукбек Кочкоров бул жагдайды мындайча комментарийледи:

“Ворух менен Кожалынын ортосунда бүгүн ансыз да жол бар. Ал Кыргызстандын балансында турат, бирок тажик жарандары колдонуп келе жатат. Ага кошумча, дагы башка жол куруунун кажети жок деп белгилеп кетким келет. Эгерде дагы башка жол курулуп, Тажикстандын пайдалануусуна бериле турган болсо, анда Баткен облусунун жарымы, 140-150 миңдей калк анклав болуп калышы ыктымал. Алар 30 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келишет, бирок биздикилер Кыргызстан үчүн максатсыз болгону үчүн, стратегиялык жактан туура эмес чечим болгондуктан ага макул болгон эмес. Ошондуктан бул жолго барууга болбойт, бул протоколду ишке ашырбаш керек”.

Чуу жараткан экинчи жагдай, протоколдо келтирилген тилкелер 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтерине жана материалдарына таянуу менен чийилип жаткандыгында. Адистер ырастагандай, бул жылдардагы карталарга Кыргызстан мурда каршылык билдирип келген.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов жагдайдын опурталдуулугун эскертти. Анын айтымында, протоколго "жол Баткен району иш жүзүндө колдонуп жаткан жерге курулат" деп жазылганы талаштуу ойду жаратат. Айжигитов протоколдо "жер Кыргызстандыкы" деп ачык жазылбаганын белгилеп, тажик тарап жол салына турган жерди талаштуу аймак катары туюнткан документти кабыл алууга жетишти деп эсептейт.

“Баткенде кабыл алынган протоколду окуп чыгып, аябай кейидим. Бул стратегиялык ката. Бул акырындык менен жарыла турган мина. Биз өзүбүздүн келечегибизге, аймактык бүтүндүгүбүзгө, коопсуздугубузга өзүбүз чоң мина салып алдык. Транспорттук коридор, ошол жол курулуп, ишке киришери менен ал мина иштеп баштайт. Булар 1924-1927-жылкы карталарды карайбыз деп жатышпайбы, а ал карталарда Ворух анклав эмес, биздин ичибизге чейин кирген аймак катары көрсөтүлгөн. Ошол эле карталарда Мургап биздики болуп көрсөтүлгөн, бирок ал эске алынбай жатат. Ошол эле жолду берүүдө терминдерге, аныктамаларды туура эмес киргизип алышкан. Жолду “факт жүзүндө алар көзөмөл кылат” деп жатат, “ал жолго биз көзөмөл кылбайбыз” деп жатабыз. Бул деген алар кааласа курал-жарагын, оор техникаларын, кааласа башка жүктөрүн ташый берет, киргизип алат деген сөз да. “Кыргызстанга тиешелүү жерди тажик тарап колдонуп жатат” деген сөз жок да. Мына ушундай нерселер жазылган протокол менен биз Тажикстанга ушул жерлерди талаш деп таанууга жол ачып берип жатабыз. Мен ошону үчүн муну акырындык менен жарыла турган мина деп атам жатам”.

“Ворухка коридор берилбейт”

Кыргыз бийлиги болсо өз жүйөлөрүндө бул документтер көрсөтүлгөн чекиттерди аныктоодо гана иштетилерин белгилеп жатат. Башкача айтканда, ошолор аныкталгандан кийин анан калган маселелер чечилиши мүмкүн экен.

Камчыбек Ташиев мурдараак “Саясат.kg” маалымат агенттигине берген маегинде буларга токтолгон:

“Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. Ага ылайык, 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924-ж., 1927-ж. жана 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар №43 чек ара чекитинен №49га чейин жана №135тен №141ге чейинки чек ара чекиттерин тактоодо гана колдонулат, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок. Бул биринчиси. Экинчиден, Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет”,-деген ал 6-майдагы маегинде.

Баса, эки тараптуу топографиялык топтордун кийинки кездешүүлөрүндө Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай калктуу конуштары менен Тажикстандын Бабаджан Гафуров районунун Овчи Калача, Исфара шаарынын Чорку, Сомониён, Кожалы участкалары чечилери айтылды. Бул участкаларды чийүү 17-майга чейин аякташы мүмкүн.

Тажикстандын Ворух анклавына кире бериш.
Тажикстандын Ворух анклавына кире бериш.

Ошол эле убакта адистер протокол Кыргызстанда башкача, ал эми Тажикстанда башкача кабылданарын эскертишет. Муну үчүн алар мурдагы, башка бир документтин пайдалануу тарыхын мисал тартышат.

Кайрадан жергиликтүү активист Асылбек Кунгуровдун сөзүнө орун берели:

“Кезинде, Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда, ошол эле Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Төрт көчөдөн 275 метр жер боюнча протоколго кол койгонун билесиз да. Ошону булар “биздин жерибизди силер 49 жылга ижарага алгансыңар, аны протоколго кол коюп ырастагансыңар” деп улам көтөрүп келет. Азырга чейин кандайдыр бир чыр чыккан учурда, ошол жерди жаап коюп жатышпайбы. Болбосо ал жер делимитация-демаркация болгон эмес, талаш жер. Ага карабай алар ошол протоколду көзүр катары бетке кармап келишет. Камчыбек Кыдыршаевичтин азыркы протоколунда “айланма жол аларга карабайт, Кыргызстандын жери” дегенибиз менен коңшулар кийин ошол жерди тосуп албайт деп эч ким кепилдик бербейт. Берки чекиттерде деле ошондой коркунуч бар. Негизи эл аралык практикада президенттер кол коюп, парламент ратификациялаган келишимдер гана юридикалык күчкө ээ болот. А булар болсо жөнөкөй протоколду деле документ дей беришсе, ишенич болбойт да”.

10-майда, Кыргызстандын президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кырдаалды талкуулашкан. Путин анын алдында, 8-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду кабыл алып, ушул теманы сөз кылган. Жапаров менен Рахмон качан жолугары азырынча белгисиз.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Москва, Орусия. 24-февраль, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Москва, Орусия. 24-февраль, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG