Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Ошто балдардын жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы имараты бир жыл кечигип ачылды


Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты
Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты бир жылга кечигип пайдаланууга берилди. Жүз орунга ылайыкташкан имараттын курулушу 2020-жылдын июль айында башталып, бир ай ичинде бүтөрү айтылган.

Бейтапкананын эски имараты да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 20-апрелде имараттын ачылышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Эшбаев курулуштун кечеңдешинин негизги себебин түшүндүрдү:

«Курулуш башталгандан кийин жер астында калып кеткен суу кампасы болгон. Аны тазалаганга убакыт кетти. Андан кийин оорукананын аймагында сегиз үй-бүлөнүн турак-жайы бар экен. Аларды башка жака көчүргөндөн кийин гана оорукананын курулушу жанданды».

Жеңил конструкция менен курулган оорукананын тендердик баасы 87 млн. сом болуп, аны "Капитал курулуш" ишканасы утуп алган.

Оорукананын эски имараты 180 орунга ылайыкташып анда 38 дарыгер эмгектенип келген. (MrA)

XS
SM
MD
LG