Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

БУУнун өкүлү: Айзаданын окуясы коомдун трагедиясы


Айзаданын өлүмүнөн кийинки нааразылык митинги. Бишкек шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзаданын өлүмүнөн кийинки нааразылык митинги. Бишкек шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран уурдалып, өлтүрүлгөн Айзаданын окуясы тууралуу пикирин 9-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен жолугушуусунда билдирди. Анда тараптар ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясын талкуулашты.

Өмүрбек Суваналиев Кыргызстанда кыз ала качууну салт эмес, кылмыш, зомбулук деп атап, уурдап барып мажбурлап никеге туруу жапаайычылык экенин айтты. Өкүл мындай каргашалуу окуя кайталанбашы үчүн жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен чогуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

Улзийсурен Жамсран өкмөт БУУнун аялдар түзүмү Кыргызстандагы аялдарга зомбулукту жоюу аракеттерин толук колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушууда тараптар аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышты. Аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:30 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сын-дооматты күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG