Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

«САSA-1000»: Кыргызстан 15 жылда 23,3 млрд. кВт/с электр кубатын экспорттойт


Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.
Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчы бул долбоор Кыргызстандын электр кубатын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деген ишенимин билдирди.

«Координацияланган аракеттерибиздин, алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө умтулуубуздун жана туруктуулугубуздун натыйжасында долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем», - деди президент.

«САSA-1000» жай мезгилинде (май айынан сентябрга чейин) Кыргызстан, Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор. Анан алкагында жаңы көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын куруу пландаштырылууда.

«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат.
«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат.

«CASA-1000» долбооруна катышып жаткан өлкөлөр жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдарын тартып, Тажикстан менен Пакистанда конвертордук подстанцияларды курушу керек.

Расмий маалыматка ылайык электр чубалгыларынын (ЛЭП) үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөгү же 455 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын калкы аз райондорунун аймактарын кесип өтөт.

Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард доллар. Анын ичинен 200 миллион долларын Кыргызстан Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкынан алган насыялык каражат түзөт.

Кыргыз бийлиги долбоордон Кыргызстан жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын киреше алаарын, 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саат болорун билдирди.

«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат.
«CASA-1000» долбоору тууралуу маалымат.

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 2-апрелине карата 8 млрд. 694 млрд. куб метрди түздү. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев буга чейин Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү кооптуу чекке жеткенин айткан. Буга байланыштуу Кыргызстан март айынан тарта Казакстан, Өзбекстандан электр энергияны сатып ала баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG