Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда экономикалык мунапыс маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу, парламент төрагасы Талант Мамытов 5-январда кол койду.

Кыргызстанда экономикалык кылмыш боюнча шек саналгандарга жеңилдик берген экинчи документ болуп калган бул мыйзам 23-декабрда Жогорку Кеңеште дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынган.

Анын авторлорунун түшүндүрмөсүнө ылайык, документ бюджетте каражат тартыш болуп турган учурда экономикалык жана салыктык кылмыш кылгандардан акча өндүрүп казынаны толтурууга, түрмөдөгү адамдарга гумандуу мамиле кылууга багытталган.

Эми экономикалык кылмыш үчүн соттолгон адам мамлекетке келтирилген зыянды эки эсе кылып төлөп берсе түрмөдөн чыгат. Ошондой эле коомго же жеке адамга келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтургандар жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта экономикалык кылмыштарга байланышкан 1 332 иш тергелип жатат. Анын чыгымы 175 миллион сомго бааланган. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG