Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Чолпонова: «Азыркы парламент менен өнүкпөйбүз»


Акция маалында,  7-декабрь 2020-жылы
Акция маалында,  7-декабрь 2020-жылы

«Парламенттин мөөнөтү бүткөн», «Мыйзамсыздыкты токтотуп, таркап кеткиле», «Мыйзамсыз парламенттин спикери» деген жазуусу бар плакаттарды көтөргөн бир нече активист Мамлекеттик Думанын алдына 7-декабрда жөө жүрүшкө чыгышкан.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов баштаган парламент мүчөлөрү Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушкан күнү өткөрүлгөн бул акция социалдык тармактарда бир топ талкуу жаратты.

Акцияны кыргызстандык мигранттардын «Ак ниет» кыймылынын мүчөлөрү уюштурушкан. Мамлекеттик Думанын алдында акция өткөргөн Динара Чолпонова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Динара айым, Мамдуманын алдында жүрүштү кандай максатта өткөрдүңөр?

- Бул акцияны Орусия Кыргызстандын азыркы бийлигин кабыл алып жатып, ошол эле кезде Орусияда миллиондой кыргыз жарандары иштеп жүргөнүн, алардын азыркы бийлик менен келишпестигин, аларды мыйзамсыз деп эсептерин, биздин ой-пикирибизди да билишсин деген ниетте уюштурдук.

Азыркы бийликти биз «мыйзамсыз» деп билебиз. Биздин, мигранттардын да ой-пикирин угуп, эске алышсын деген максатта өткөрдүк. «Көрүшсүн» деп Мамдуманын алдына плакаттарды орусча жазып алып чыктык.

- Сиз «Орусиядагы мигранттар» деп бул жактагы миллиондой мигранттардын атынан сүйлөп жатасыз. Орусияда иштеген кыргызстандыктардын арасында эле бул акцияны катуу сындап чыккандар болду. Соцмедиада акциянын катышуучуларына да ар кандай чабуулдар болуп жатат.

- Мигранттардын атынан сүйлөгөнгө акыбыз бар деп ойлойм. Биз да мигрантпыз. Москвада биздин коомдо жети миңдей өкүлүбүз бар. Ооба, Москвада кыргыз мигранттары жүз миңдеп саналат, бирок, биз да алардын бир бөлүгүн түзөбүз.

Мигранттар бири-бирибиздин тандообузду, укугубузду, ой-пикирибизди сыйлашыбыз керек. Сөзсүз эле бир уюм, коом же диаспоранын атынан сүйлөбөстөн, ар бир мигранттын үнү, добушу маанилүү.

Мен Москвага депутаттардын тобу уюшулуп келди деп эсептейм. Булар мамлекеттин, элдин эртеңин, мүдөөсүн ойлогон жок. Жеке кызыкчылыктарды көздөп кандай гана келишим түзбөсүн, бизди, ар бирибизди ойлосун деп талап кылдык.

Бул акцияны бир саясатчы «уюштургула» деген жок, же кимдир бирөө каражат берген жок. Он батман менен фломастер сатып алып чыктык.

- «Азыркы бийлик, азыркы парламент мыйзамсыз» деп жатасыз. Октябрдагы окуялардан кийин келген бийликке карата мындай позициясыңарга эмне негиз болуп жатат?

- Октябрдын соңунда VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөн. Мамлекеттин орчундуу, калкка тиешелүү чоң маселелерди чечүүгө алардын такыр акысы жок.

Бизге башчыны тандап, Баш мыйзамды жазып бермек болгон аракеттеринин баары мыйзамсыз. Мыйзамсыз бийликтин уяты жок болот. Орусия, Казакстан же башка мамлекеттер менен болобу, кандайдыр бир маселелерди сүйлөшүп, келишимдерди түзүүгө акылары жок.

VI чакырылыштын депутаттары беш жылдын ичинде өздөрүнүн сабатсыздыгын көрсөтүштү. Булардын кат-сабаты толук жоюлбаганын, дипломдорду сатып алганын, керектүү маселелерди чечкиндүү айта албай балыкка окшоп отуруп бергенин биз беш жылда жетиштүү деңгээлде эле көргөнбүз. Булар «чимкирик», «түкүрүк» деген атка конгон.

VII чакырылышка шайлоодо элди алдап-соолап акча сунуп, коркутуп-үркүтүп, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын курамына кирип алып, кайра бийликке келүүнү көздөшкөн. Эл ошого каршы чыккан. Митингдин аягы минтип «революция» же «төңкөрүш» дейбизби, бийлик алмашуу менен аяктады. Ошондо деле биз «элдик бийлик орнойт» деп аябай сүйүнгөнбүз. Кийин Садыр Жапаров бийликке келип, булар анын идеяларын колдогон болуп чыга калып, кайрадан эле булар бийлеп жатышпайбы.

- Өзүңүз жана бул «Ак ниет» кыймылы тууралуу кененирээк айтып бериңизчи.

- Мен Орусияда 2006-жылдан бери иштеп жүрөм. Педагогикалык жана медициналык билимим бар. Ошто Үй-бүлөлүк медицина боюнча окуу борбору бар, медайымдар менен фельдшерлер даярдайт. Мен ал жакта мугалим болуп иштегем. Москвада агенттик аркылуу медициналык көзөмөлгө, атайын камкордукка муктаж кары-картаңдарды жана бейтаптарды карайм.

Динара Чолпонова
Динара Чолпонова

Көп убакыт бою тирилик менен алпурушуп жүрүп, Кыргызстандагы абалга, кандай окуялар болуп жатканына деле көп көңүл бурбапмын. Кийин айылдагы атамдын көзү өтүп кетти. Атам эгемендигибиз менен өтө сыймыктанган, мамлекет деп күйгөн адам эле. Ар бир шайлоого катышып, добуш бергенин жарандык милдетим деп билчү.

2017-жылы мен ушунча Москвада жүрүп, биринчи жолу президенттик шайлоодо добуш берейин деп чечтим. Бирок ал кезде консулдук каттоо, форма-2 арызы тууралуу маалыматым жок эле. Добуш берейин деп элчиликке барсам киргизбей коюшту. Мага окшоп ал жакта бир топ адам топтолуп туруп калдык. Биздин кыймыл ошондо түптөлө баштаган. Биз бир саясатчыны, же бир партияны колдойлу деген ниетте чогулган эмеспиз. Биз келечекте өзүбүздүн партияны түзөлү дейбиз.

Биз Мадумаровду колдогондор түзгөн «Мен макул эмесмин» деп кыймыл менен бирге Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга, мыйзамсыз иштерге каршы өз пикирлерибизди билдирип, акцияларда чогуу жүрдүк. Кийин «Мекенчил» партиясынын жигиттери «Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарып алалы» деп Москвада кол чогултуп жүргөн кезде биз аларга барып, добушубузду берип, кол чогултууга жардамыбызды бергенбиз.

Бара-бара биздин катарда саясатка кызыккан, Орусияда билим алган активдүү жаштар көбөйүп кетти. Азыр жети миңге чукул мүчөбүз бар. Коомубузду «Ак ниет» деп атап алганбыз. Мени төрайым кылып шайлашкан.

- Сиз 15 жылдай Орусияда миграцияда жүрөт экенсиз. Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга, өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?

- «Президенттик башкаруу же парламенттик башкаруу болсунбу» десе эле кыргыз эли жалпысынан «президент башкарсын, президент жооп берсин» деген чечимге жетеленип жатат. Кандай башкаруу болбосун, таза бийлик болсо, ошондо гана биз жеңилбейбиз, биз өнүгөбүз.

Парламенттик башкаруунун мыйзам ченемдүүлүктөрү сакталбагандыктан ушул күнгө келдик. Же чынында парламенттик башкарууга элибиздин аң-сезими, билимдин жетишсиздиги себеп болуп калдыбы? Эмне себептен парламенттик өлкө деп коюп, мамлекеттин тагдыры бир президенттин колуна берилип келди? Себеби, парламент алсыз, сабатсыз болду. Эгерде парламенттин ар бир депутаты билимдүү, күчтүү болуп, президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын так көрсөтүп, мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөп турганда, Атамбаев да, Жээнбеков да бийликти узурпация кылып алмак эмес.

Эми президенттик башкаруу болсун деп жатабыз. Ага деле каршы эмеспиз. Эртеңки президент алкымын тыйып, эл үчүн иштеп, эл аралык деңгээлде туура саясат жүргүзө ала турган болсо, аны деле колдойбуз. Бирок Кыргызстанда мыйзамдар сакталбаса, президенттик башкарууда деле өнүгүп кетерибизден күмөн санайм. Анткени эл президенттик башкаруу кандай болушу керектигине баа да бере албайт, мыйзамдарды түшүнө да билбейт. Себеби, биз мыйзамдарды окубайбыз.

Ошон үчүн азыр Баш мыйзамды өзгөртүүдө элге жетишерлик убакыт берилип, ар бир мыйзам коомдук ачык талкууда элге жалпак тил менен туура, так түшүндүрүлүп, элдин макулдугу менен кабыл алынышы керек. Бүгүнкү VI чакырылыштын депутаттары менен жашыруун жазылып жаткан Конституцияга биз макул эмеспиз.

4-октябрдан кийин Садыр Жапаров келгенде эл тегиз «элдин колуна бийлик тийди» деп кубандык эле, акыры аягында мурунку эле адамдар аны тегеректеп калды. Бир жагынан аяйм. Балким, ортодо коркутуп жүрүшөбү, же ушундай абалга түшүп калдыбы деген ой келет. Канткен менен эми президентикке ким келбесин – Жапаровбу, Исаевби, Сегизбаевби же Мадумаров болобу азыркы парламент, азыркы бийликтегилер менен эч жакка өнүкпөшүбүзгө көзүбүз жетет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG