Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

БШКда ЕККУнун өкүлдөрү менен шайлоого даярдык талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул жолку парламенттик шайлоо жараяны уюштуруу жагынан бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Бул тууралуу 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган миссиясынын жетекчиси Томас Бозеруп менен жолугушууда билдирди.

Боршайкомдун төрайымы шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири экенин белгилеп, партиянын фондундагы акча тууралуу маалымат ачык көрүнүп турарын, азыр мониторинг жүргүзүү ыкмасы даярдалып жатканын айтты.

Ал мыйзам боюнча бул жолу дебаттар көбөйтүлгөнү менен, элди көп чогулткан үгүт иштерин жүргүзүүгө чектөө коюлганын, келерки аптада ТВ аркылуу дебаттар башталарын кошумчалады. Шайлдабекова дебаттар бул жолу жаштар, аялдар жана жалпы болуп өз-өзүнчө өткөрүлөрүн, аларга колдоочулар тобу катышпай турганын белгиледи.

ЕККУнун өкүлү азыркы тапта Бишкекте шайлоого мониторинг жүргүзө турган 12 эксперти иштеп жатканын, кийинки аптада дагы 18 байкоочу келерин, алар Кыргызстандын бардык аймактарына бөлүштүрүлөрүн айтты.

Томас Бозеруп белгилегендей, ушуну менен уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы 12-шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп жатышат. Негизги максат – эркиндиктин камсыз болушуна көз салуу.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 15 саясий партия катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG