Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Равшан Жээнбеков: Бийлик кландарды пайдаланууда


Равшан Жээнбеков, 8-август, 2018-жыл
Равшан Жээнбеков, 8-август, 2018-жыл

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы жана мурдагы депутат Равшан Жээнбеков “Азаттык” менен маектешти. Анын маеги адвокаты аркылуу жазуу түрүндө алынды.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму экс-депутат Равшан Жээнбековду «саясий туткун» деп таанып, ага карата кабыл алынган соттук чечимдердин баарын кайра карап чыгууга чакырган.

«Азаттык»: Равшан мырза, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып тергөө абагында кармалып турганыңызга сегиз айдан ашты. Учурда кармоо шарттары кандай? Буга чейин ден соолугуңуз начарлаганы айтылды эле, абалыңыз азыр кандай? Басым-кысымдар болгон жокпу?

Равшан Жээнбеков: Бишкектеги №1 Тергөө абагы шарты эң катаал түрмөлөрдүн бири. Күнү-түнү кичинекей камерада, дээрлик кыймыл жок, күн көрбөй, таза аба жутпай жашоого туура келет. Күнүнө 30 мүнөт гана күн көрөсүң. Бирок адам бардык оор шартка көнөт экен. Мен да көндүм.

Мага саясий туткун, бийликтин оппоненти катары көзөмөл күчтүү, бирок чектен чыккан, мыйзамсыз басым-кысым болгон жок.

Ден соолугум боюнча маселе бар. Түрмөнүн медициналык кызматынын көзөмөлү алдындагы тапшырган жалпы кан анализдери гепатит, кант диабети, холестерин жана кан суюктугу начар абалда экенин көрсөттү.

Мага зарыл болгон адистешкен доктурга көргөзүштү. Ал эми комплекстүү квалификациялуу медициналык текшерүү маселеси чечиле элек. Бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги чечет экен. Коронавирус пандемиясы басаңдады, эми чечилип калаар деген үмүтүм бар.


«Азаттык»: Учурда Кой-Таш окуясы боюнча иш райондук сотто каралып жатат. Ал пандемияга байланыштуу өлкө тарыхында биринчи жолу онлайн түрдө өтүп жатат. Адвокаттар мындай шартта сотту өткөрүү айыпталуучулар үчүн толугу менен коргоого мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын айтышууда. Сотко онлайн катышуу кандай болуп жатат?

Равшан Жээнбеков: Бийлик жана аларга көз каранды сот бизди тезирээк соттогонго аябай аракет кылып жатат. Жабык сот өткөрүп, бизди каалагандай калчап жатышат. Карантин маалында бардык сот жараяндары токтогонуна карабай, биздин үстүбүздөн сот уланып жатты. Июль айында абал оорлошуп кеткенде онлайн сот дегенди ойлоп табышты. Конституция жана мыйзамдарда онлайн түрдө сот өткөрүү деген түшүнүк жок.

Буга кошумча сот процесси учурунда адвокат менен сүйлөшүүдө, кеңешүү укугубуздан да ажыратып, мыйзамсыз түрдө өткөрүп жатат. Биз көптөгөн протест, өтүнүчтөрдү келтиребиз, бирок бирөө да канааттандырылбайт. Судья прокурордун гана айтканын аткарып келе жатат. Судья адилеттик, мыйзамдуулукту туу тутуп, калыс болбостон, прокурорлор менен биригип алган.

Кыскасы, жабык сот өткөрүп, жарандык коомду, журналисттерди, эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн киргизбей, сот бийликтин буйругу менен каалаганын ишке ашырууда.


«Азаттык»: Мамлекеттик айыптоо сиздерди бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп, ал мыйзам бузуу толугу менен далилденгенин айтууда. Бирок сиз ак экениңизди айтып келесиз. Соттун объективдүү чечим чыгарарына ишеним барбы?

Равшан Жээнбеков: Сот президент Жээнбековго, анын кланына жана УКМКга көз каранды. Объективдүү териштирүү жасай албайт, чечим чыгара албайт. Мен эч убакта биздин сот системабыздын адилеттигине ишенчү эмесмин жана ишенбейм. Ошондуктан, 20 жылдан бери оппозициячыл саясатчы катары бийликти, сотторду жана укук коргоо органдарын реформалоо үчүн күрөшүп келем. Бийликке келген ар бир президент сотторду журналисттерди, жарандык коомду, саясий оппоненттерин жана эркиндикти муунтуу, камоо үчүн пайдаланарын жакшы билем.

Сооронбай Жээнбеков да мурдагы президенттер сыяктуу эле олуттуу реформаларды жасай албай, бийликти узурпациялап, өкмөт менен парламентти өзү башкарып, соттор менен УКМКны өзүнүн жана кланынын, олигархтардын кызыкчылыгына пайдаланууда.

Мен демократ, оппозициячыл саясатчы катары бүт саясий өмүрүмдү эффективдүү бийлик, адилеттүү сот жана демократиялуу өлкө курууга арнап келем. Ушул максаттарга жетерибизге толук ишенем. Мүмкүн ошондо адилеттүү чечим чыгаар. Тарых, убакыт эртели кеч баарын өз ордуна коёт.

«Азаттык»: Жалпы дүйнөдөй эле Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын кесепеттери оор болду. 1500гө жакын адам каза болду. Пандемия маалында жабык жайларда абал кандай болду? Ооругандар болдубу?

Равшан Жээнбеков: Түрмө - жабык система. Контакт аябай аз. Түрмөнүн башка адамдар билбеген, жазылбаган эрежелери бар. Маалымат оңой менен сыртка чыкпайт. Ошондуктан жалпы түрмөдө пандемия кандай болгонун билбейм. Жеке мен кармалып турган камерада коронавирус менен эч ким ооруган жок.


«Азаттык»: Кыргызстанда саясий окуялар активдүү өнүгүп жатат. Парламенттик шайлоого аз гана убакыт калып, катышчу партиялар саясий талаага чыгууда. Акыркы саясий абалды сиз кандай баалайт элеңиз?

Равшан Жээнбеков: Менимче, саясий абал көпчүлүк баамдагандай өтө эле оор. Пандемия маалында бийлик эч нерсеге жараксыз экени көрүндү. Эки жыл ичинде бир да реформа жасалган жок. Тышкы карыз 5 миллиард долларга жакындады. Экономика кризиске такалды. Жумушсуздук жана жакырчылык күчөдү. Сабатсыздар мамлекеттин башына келишти. Бюджет насыянын эсебинен гана толтурулуп жатат. Эркиндик менен демократияга басым күчөдү. Мына ушундай оор кырдаалда парламенттик шайлоо өткөнү жатат.

Азыркы саясий абалды мен 2005-жылкы абалга салыштырат элем. Бийлик акыл-эсине келбесе, чоң чатактын, толкундоонун алдында турат. Кыргыз коомуна Беларустагы болуп жаткан демократиялык процесстер да чоң таасирин тийгизет деп ойлойм.

«Азаттык»: Бул шайлоодо кайсы күчтүн утуп чыгары, саясий абал 5-октябрдан соң кайсы жакка өзгөрөрү белгисиз деп жатышат. Муну айрым эксперттер пандемиядан улам коомдо нааразы маанайдын күчөшү менен да байланыштырууда. Сиздин көз карашта шайлоо жыйынтыгы канчалык объективдүү болушу мүмкүн?

Равшан Жээнбеков: Бийликтин баарын басып алган президент жана анын кланы эч убакытта таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар эмес. Таза жана адилеттүү шайлоо алардын бийлигине чекит коёт. Келгиле, кечээги эле тарыхыбызды карайлы. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрдү беле? Өтчү партиялардын да, депутат болчулардын тизмелерин өздөрү түзүшкөн. Сооронбай Жээнбеков алардан адилеттүү, прогрессивдүү же демократиялуубу? Шайлоо мурдагыдай эле бийликтин добуш сатып алуусу, басымы, куугунтугу жана көз боёмочулугу аркылуу өтөт.

Экинчи жагынан, азыр бийликчил эмес жана оппозициячыл партиялар жана саясатчыларга дурус саясий абал түзүлдү. Бийликке нааразылык күчтүү, протесттик электорат көбөйдү. Эгемен партиялардын стратегиясы бийликтин добуш сатып алуу, административдик ресурс жана укук коргоо органдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө каршы туруу, эгер шайлоо ыплас өтсө, жыйынтыгын тааныбоо маселелерин камтышы керек.

Муна ушул иштерди, эгемен жана бийликчил эмес партиялар чогуу ишке ашырса, анда шайлоо жыйынтыгы объективдүү болушу мүмкүн.

Саясатчылардын шайлоо алдындагы «миграциясы»
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00


«Азаттык»: Сиз саясатта көп жылдан бери жүрөсүз. Эки ыңкылапты башыңыздан өткөрдүңүз. Азыр пандемия дүйнөнү өзгөрттү, мындан ары мурдагыдай жашоого мүмкүн эмес деп айтып жатышат. Кыргызстандагы саясий күчтөр муну канчалык деңгээлде түшүнүп жатат жана парламенттик шайлоо жыйынтыгынан соң өзгөрүүгө даярбы?

Равшан Жээнбеков: Кыргызстанга өзгөрүү маалы келди. Буга ички оор социалдык-экономикалык абал, коомдук нааразылык, жарандардын активдүүлүгү жана Беларустагы демократиялык толкундоолор түрткү болушу мүмкүн. Коом жана активдүү жарандар алдыга кетип, бийлик жетеленди абалда калды.

Эгер башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, өзгөрүүлөр кандайдыр бир коомдук катмардын күчтүү жана так талаптары аркылуу келет. Ошол катмар өзүнүн талабын ишке ашырган лидерлерди тандайт же жаратат. Азыр ушул процесстер жүрүп жатат. Мисалы, буга чейин аталган катмар Грузияда М. Саакашвилини, Арменияда Н. Пашинянды, азыр болсо Беларуста С. Тихановскаяны жаратты.

Мен Кыргызстанга келген өзгөрүүлөргө саясатчылардын мамилесин үчкө бөлөөр элем. Биринчиси - бийлик жана алардын саясий топтору. Алар өзгөрүүлөрдү жана ал өзгөрүүнү колдогондорду акча менен басабыз, болбосо күч менен токтотобуз деп ойлошот. Бул ыкма бир убакытта иштебей каларын түшүнүшпөйт.

Экинчиси - өзгөрүүлөрдү түшүнүп, тымызын колдоп, бирок коркконунан унчукпай, бекинип, өз саатын күтүп отурган саясатчылар. Үчүнчүсү - өзгөрүүлөрдүн келатканын ачык айтып, талап кылып, күрөшүп келаткан саясатчылар.

Менимче, өзгөрүүнү түшүнбөгөн, каалабаган саясатчылар жакынкы айларда саясий аренадан кетишет.

Минскиде жүздөн ашык адам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00


«Азаттык»: Беларустагы президенттик шайлоодон кийин ал жакта эл көтөрүлүп, кайра шайлоо өткөрүүнү, президент Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылып жатышат. Биз Беларус менен чогуу бир катар аймактык жана эл аралык уюмдарга мүчөбүз. Беларустагы демократиялык көрүнүштөр, жараяндар жана окуялар КМШ аймагына, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Равшан Жээнбеков: Авторитардык бийликтердин жана президенттердин биринин дагы келечеги жок. Алардын саясий келечеги же түрмө же өлкөсүнөн качуу менен бүтөт. Тилекке каршы, алар өздөрүнө гана трагедия алып келбей, мамлекеттеринин келечегин да аксатып жатат. Беларустагы абал КМШ өлкөлөрүнүн баарына авторитардык режимдердин, бийликти узурпациялоонун жана эркиндиктерди басмырлоонун келечеги жок экенин дагы бир жолу далилдөөдө.

Бирок Беларус Кыргызстанга өзгөчө таасир этет, коомду шыктандырат. Себеби, биздин коом эки жолку ыңкылаптан кийин эркиндиктин даамын сезип калды, бийликтен коркуу сезими башка өлкөлөргө караганда төмөн. Беларус бизге демократия, эркиндик, бийликке маданияттуу тынч каршылык көрсөтүү, таза шайлоо, өз добушуңду коргоо, ар бир мыкты өлкө курабыз деген улуттун милдети жана басып өтчү жолу экенин көрсөтүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG