Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Ындыкара аял 2021-жылы тарыхта алгач ирет Эл аралык космос станциясына учат


Жанетт Эппс.
Жанетт Эппс.

Астронавт Жанетт Эппс 2021-жылы эки кесиптеши менен Эл аралык космос станциясына учат. Бул тууралуу АКШнын Космостук агенттиги - NASA кабарлады.

Нью-Йоркто жашаган 49 жаштагы Эппс тарыхта алгач ирет аталган станцияда иштеген ындыкара аял болот.

2000-жылы аэрокосмикалык техника боюнча доктор макамын алган Эппс космоско 2018-жылы учмак. Бирок учууга бир ай калганда белгисиз себептен улам орду башка адиске алмаштырылган.

Жанетт Эппс Эл аралык космос станциясына «Boeing CST-100 Starliner» кемесинде чыгат.

XS
SM
MD
LG