Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Пандемия Айсалкындын пландарын бузду


Айсалкын Бабалиева кесиптештери менен
Айсалкын Бабалиева кесиптештери менен

Кыргызстандык Айсалкын Бабалиева Атлантика океанында саякаттаган круиздик кемеде эмгектенет. Ал пандемияга байланыштуу Кыргызстанга келе албай жатат.

Айсалкын Бабалиева «Маrella Discovery» деп аталган британдык кеменин экипаж мүчөсү катары иштейт.

Сегиз ай бою иш менен саякатты айкалыштырууну каалаган Айсалкындын пландарын дүйнөгө тараган коронавирус пандемиясы бузду.

«Бул круиздер негизи жыл бою токтобой эле, саякаттап жүрө берет. Бир континенттен экинчисине өтүп, атайын программанын негизинде сапар карытат.

Мен бул круизге былтыр декабрда иштөө максатында кошулгам. Башында жакшы эле иштеп, саякаттап жатканбыз. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу баары токтоп калды.

Жүргүнчүлөрдүн баарын кемеден чыгардык. Бирок кемеде иштегендерди үйлөрүнө жөнөтө албай жатышат. Тагыраак айтканда, март айында эле жүргүнчүлөрдү кетирип, иш токтогон. Ошентип, жүз күндөн ашык убакыттан бери кемеден чыкпай отурабыз».

Айсалкын иштеген кеме коронавирус пандемиясы башталганда Азия жээктеринде болгон. Андан бери жүргүнчүлөрдү түшүрүп, июндун башында Англиянын Саутгемптон портуна келген.

«Маrella Discovery» кемеси
«Маrella Discovery» кемеси

Айсалкын Бабалиеванын айтымында, өзү иштеген «Маrella Discovery» компаниясынын үч лайнери саякатка чыгат. Бул кемелерде 50гө жакын кыргызстандык эмгектенет. Учурда алардын баары мекенине кайтууну көздөп турушат. Алар Кыргызстандын бийлиги ара жолдо калган жарандарын мекенине кайтарууга көмөк көрсөтсө деп суранышууда:

«Саякат кеменин экипажында 600дөн ашык адам иштейт. Алардын арасынан ар кыл өлкөлөрдүн жарандары өз өлкөлөрүнө кетип, азыр казактар менен кыргыздар эле калдык. Лайнерде 300дөн ашык филиппиндик бар эле. Аларды атайын чартердик рейс менен алып кетишти. Азыр казактарга да атайын каттам болот деп жатышат. Биз болсо качан чек ара ачылат деп күтүп отурабыз».

Быйыл февраль айында Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» кемесиндеги жүздөгөн жүргүнчүлөргө вирус жугуп, ал кездеги башкы окуялардын бирине айланган эле.

Айсалкын ал эмгектенген кемеде коронавирус катталбаганын билдирди. Анын айтымында, учурда лайнердин экипажы саламаттыкка өзгөчө көңүл бурууда:

Айсалкын Бабалиева
Айсалкын Бабалиева

«Кудайга шүгүр, биздин кемеден коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Коронавирус башталганда биз Азия тарапта болчубуз, ошондон бери эле вирус жугузгандар болгон жок. Андан бери жүргүнчүлөр түшүп кетишти. Биз болсо күнүнө эки маал дене табыбызды текшерип, шектүү бир нерсе байкалса карап жатышат. Анын үстүнө порттордо деле түшүп, кургакта эч ким менен байланышкан жокпуз».

Акыркы жылдары круиздик саякатка чыккан кемеде ишке орношкон кыргызстандык жаштар көбөйүп жатат. Буга чейин банк кызматкери болгон Айсалкын да иш менен бирге саякатты айкалыштыруу максатында Бишкектеги кадрдык агенттиктерге кайрылып, жаңы жумуш тапкан. Ал круиздик кемеге иштөөнүн жол-жобосун төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Кыргызстанда саякат кемесине жумушка орноштурган көп агенттиктер бар. Ошол жакка кайрылып эле өткөнбүз. Мисалы, меники биринчи эле келишимим. Бир келишим алты же сегиз айга созулат. Анан эс алууга жиберип, экинчисин чакырып турат. Бул жумуштан эмнеси жакшы? Саякаттоо менен бирге Кыргызстандын шартына салыштырмалуу көбүрөөк айлык алып иштесе болот. Ошону карап, мындай жумушка орношкон жаштар көп».


Айсалкын Бабалиева пандемия аяктаса кайра эле ушул жумушка кайтууну пландап жатат. Ал эл-жер көрүп, өзүн өнүктүрүүнү каалаган жаштар үчүн саясат кемелери ыңгайлуу жумуштардын бири деп эсептейт.

Коронавирус пандемиясы башталганда эл аралык учак каттамдары токтотулган. Андан бери чет өлкөдөгү кыргызстандыктар мекенине келе албай жатат.

Буга чейин бир нече өлкөдөн чартердик каттамдар уюштурулуп кыргызстандыктар алып келинүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, февраль айынан бери чет өлкөлөрдөн 15 миңге жакын адам Кыргызстанга кайтып келди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG