Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:44

Коронавирус: кемедегилер чыга баштады


"Diamond Princess" кемесинин жүргүнчүлөрү.
"Diamond Princess" кемесинин жүргүнчүлөрү.

Жапония коронавирустан улам карантинге алынган саякат кемесиндеги айрым жүргүнчүлөрдү сыртка чыгара баштады. Кытайдын өзүндө вирусту жугузгандардын саны 64 миңге чукулдады. 

Жума күнү Иокогама портунда токтоп турган "Diamond Princess" кемесинин жашы 80ден өтүп калган 11 жүргүнчүсүн атайын даярдалган автобустар алып кетишти. Бул жүргүнчүлөрдүн көбүнүн өнөкөт оорулары бар. Алардан коронавирус табылган жок.

Ошентсе да инкубациялык мөөнөт бүткөнгө чейин атайын жайларда кармалып турушмакчы. Калган жүздөгөн жүргүнчүлөр 19-февралга чейин кемеде акыйып күтүүгө аргасыз.

"Биз жакшы элебиз. Жакшы эле жүрөбүз. Болгону бир аз чарчап турабыз. Балким ал түнү бою уктабай чыккандан болсо керек", - деп билдирди кемедеги британиялык жүргүнчү Дэвид Абел.

Элүүдөй өлкөдөн чыккан жүргүнчүлөрдүн арасында төрт казакстандык бар. Казак бийлиги алардын саламаттыгы жайында экенин маалымдады. Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырып жүргөн круиздик кеменин 3700дөй жүргүнчүсүнүн кеминде 218инде өпкөнү сезгенткен коронавирус аныкталды.

"Diamond Princess" кемеси.
"Diamond Princess" кемеси.

Ал арада Жапония, Филиппин жана Таиланд сыяктуу бир нече өлкө өз портторуна киргизбей койгон "Westerdam" кемесин жүргүнчүлөрдө коронавирус аныкталбагандан кийин Камбоджа кабыл алды.

Өлкөнүн авторитардык лидери катары мүнөздөлгөн премьер-министри Хун Сен жума күнү жүргүнчүлөрдү өзү тосуп алып, кемени кабыл албай койгон өлкөлөрдү сындады. 1-февралда Гонконгдон чыккан кеме 2250дөй жүргүнчүсү менен 14-февралда Жапониянын Иокогама портуна жетиши керек эле.

Кытайдын өзүндө COVID-19 деп аталган коронавирусту жугузуп алгандардын саны 63 851 кишиге жетти. Дабасы табыла элек вирустан баш-аягы 1380 адам каза тапты. Дүйнөнүн 30га чукул аймагында коронавируска чалдыккан 565 киши катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кабатырланууга өтө чоң негиз жок деп ишендирүүдө.

"Вирус катталган өлкөлөрдүн саны өзгөргөн жок. "Diamond Princess" кемесиндеги кырдаалды эске албаганда Кытайдан башка жерлерде вирус жугузгандардын саны көбөйгөн жок", - деп билдирди уюмдун аткаруучу директорлорунун бири Майк Раян.

Кытайдын Ухан шаарындагы оорукана.
Кытайдын Ухан шаарындагы оорукана.

Өпкөнү сезгеткен бул илдеттен айыгып чыккандар да аз эмес. Бул аптада Кытайда 4 миңден ашуун бейтап толук сакайганы маалым болду. Кантсе да Кытайдын вирус адеп катталган Хубэй провинциясында 56 миллион киши карантинден улам эки жакка чыга албай отурат.

Ал тапта Кыргызстанда Кытайдан жаңы келген 123 адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганы маалым болду. Дагы 591 киши жашаган жериндеги медициналык мекемелердин текшерүүсүнөн өтүп турууга милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда вирусту жугузуп алгандар катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы суткаларда өлкөгө сырттан кирген 25 миңден ашуун адам тепловизордун көзөмөлүнөн өткөн. 28-январдан бери Кыргызстанга 7054 адам Кытайдан келген. Алардын ичинен 190у кытайлык жарандар болсо, калгандары кыргызстандыктар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG