Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

Казак укук коргоочулары куугунтукту токтотууну талап кылууда


Казакстан.
Казакстан.

Казакстандык укук коргоочулар бийлик коронавируска байланыштуу киргизилген эрежелерди саясий каршылаштарын куугунтукташ үчүн колдонуп жатканын билдиришүүдө.

Өткөн аптада Казакстанда өкмөткө жана экс-президент Нурсултан Назарбаевге сын айткан активисттер Альнур Иляшев, Арман Хасенов, Арман Шураев жана Улан Шамшет кармалган. Алар өзгөчө абал режимин бузган же фейк маалыматтарды тараткан деп айыпталууда.

Укук коргоочу Маржан Аспандиярова «бийлик өзгөчө абалды белгилүү кишилерди камоо, куугунтуктоо жана оозун басуу үчүн колдонууда. Бул - чыныгы репрессия» деп билдирди.

Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун директору Евгений Жовтис «Азаттыктын» казак кызматына: «Бийлик потенциалдуу лидерлерди четтеткиси келип жатат. Биздин өлкөдө авторитардык система жана авторитардык режим орногон», - деди.

Журналисттердин жана блогерлердин укуктарын коргоп жүргөн Алматыдагы «Адил сөз» тобу кармалгандарды тез арада бошотууну талап кылып өлкөнүн башкы прокуроруна ачык кат жазды.

XS
SM
MD
LG