Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Орус өкмөтү алмашты


Сергей Лавров (солдо) жана Сергей Шойгу (оңдо).
Сергей Лавров (солдо) жана Сергей Шойгу (оңдо).

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгу орус өкмөтүндөгү мурунку кызматында калышты. Ошондой эле ички иштер министри Владимир Колокольцев менен өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев да кызматын сактап калышты.

Путин мурдагы башкы прокурор Юрий Чайкага Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча президенттин атайын өкүлү болууну сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, кызмат тууралуу Путин менен Чайка көзмө-көз жолуккан учурда сөз болгон. Песков Чайка мындай сунушту кабыл алганын же четке какканын тактаган жок.

Өкмөттүн курамы Орусиянын президенти Владимир Путиндин конституциялык реформа тууралуу сунушунан кийин алмашты. Сегиз жылдан бери өкмөттү жетектеп келе жаткан Дмитрий Медведев Путиндин Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунан соң кызматтан кеткен. Анын ордуна Салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин келген.

Президент Путин жаңы өкмөт курамын «ар тараптуу» деп баалап, «өкмөт олуттуу түрдө жаңыланды, ошол эле учурда бизде мурдагы өкмөттө иштегендер да бар» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG