Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Страсбургдагы теракттан төрт адам каза тапты


Страсбург шаарынын полициясы
Страсбург шаарынын полициясы

11-декабрда Франциянын Страсбург шаарына балатыга келгендерге кол салуу болуп, андан төрт киши каза тапты. Бул тууралуу "Associated Press" маалымат агенттиги жазды.

Мурдараак Франциянын бийлиги окуяны теракт катары сыпаттап, андан үч киши набыт болгонун билдирген.

Теракт уюштурган 29 жаштагы Шериф Шекатты полиция атайын операция учурунда атып өлтүргөн.

Ал шейшемби күнү Страсбургга жаңы жылдык балатынын алдындагы майрамдык жармаңкеге келген адамдарды атып, “үчөөнү өлтүрдү жана 13 адамды жарадар кылды” деп айыпталып жаткан. Кол салган күнү полициядан качып кетүүгө үлгүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Шекатт буга чейин уурулук жана зомбулук үчүн Франциянын, Германиянын жана Швейцариянын түрмөлөрүндө отуруп чыккан. (KR)

XS
SM
MD
LG