Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Кыргызстанда 40 миң үй салынган жер тилкелери мыйзамдаштырылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 9,1 миң гектар жер тилкелери трансформация болот. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, өкмөттө атайын жыйын өтүп, буга чейин турак жайлар курулган сугат жерлерди мыйзамдаштыруунун жол-жобосу талкууланды.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы 13 миң гектар жерди трансформация кылуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Анда 2009-жылга чейин үйлөр салынган айдоо аянттарын мыйзамдаштыруу каралган. Бирок 5 миң гектар жер мыйзамдын талаптарына жана трансформациялоого туура келбеси белгилүү болду.

“40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырылат. Эгерде бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, анда кабыл алынган мыйзам аркылуу 200 миң адамдын маселеси чечилет", - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мыйзамга ылайык, эки ай ичинде өкмөт трансформацияланууга тийиш болгон жер тилкелерин такташы керек болчу. Бул иш бүткөн соң өкмөттүн токтому чыгып, жер ээлери “кызыл китептерин” алышы керек.

Кыргызстанда 2005-жылдан соң Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жолу менен турак жайлар курулган. Бирок сугат жерге үй салууга мыйзам жол бербегендиктен бул үйлөр мыйзамсыз болуп эсептелип келген. Аларды мыйзамдаштырып, жер тилкесин сугат багытынан турак жай багытына трансформациялоону талап кылып бир нече нааразылык акциясы өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG