Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

АКШ Пхеньянды кайрадан эскертти


Ким Чен Ын континенттер аралык баллистикалык ракета сыналган учурда. Сүрөттү Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги 30-ноябрда таратты.
Ким Чен Ын континенттер аралык баллистикалык ракета сыналган учурда. Сүрөттү Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги 30-ноябрда таратты.

Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын жетекчилигин кайрадан эскертти жана Кытайды коңшусуна мунай сатууну токтотууга чакырды. АКШнын кийинки эскертүүсүнө чейин Пхеньян континент аралык баллистикалык ракетасын сынап, ал Кошмо Штаттардын негизги аймагына жете алаарын билдирген.

Түндүк Кореянын кийинки ракета сыноосу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 29-ноябрдагы чукул жыйынында талкууланды.

Ал жыйында Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли Пхеньянды дагы бир жолу эскертти:

- Түндүк Кореянын диктатору кечээ дүйнөнү согуштан алыстатпай эле, ага кайра жакындаткан жолду тандады. Биз Түндүк Корея менен согушууну эч качан көздөгөн эмеспиз, азыр да көздөбөйбүз. Эгер согуш чыга турган болсо, ал биз кечээ көргөндөй агрессиялык аракеттердин уланышынан улам башталат. Эгер согуш болсо - жаңылбагыла, Түндүк Кореянын режими толугу менен жок кылынат.

Ал Пхеньяндын башкы экономикалык өнөктөшү болгон Кытайды Түндүк Кореяга мунай сатууну толугу менен токтотууга да чакырды.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли. 29-ноябрь, 2017-жыл
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли. 29-ноябрь, 2017-жыл

​БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын режимине каршы экономикалык санкцияларын акыркы ирет быйыл сентябрда күчөткөн болчу. Пхеньяндагы бийликти кирешеден ажыратуу боюнча АКШ да өзүнчө чара көрүп келатат.

Кийинки ракеталык сыноодон кийин президент Дональд Трамп Түндүк Кореяга каршы “кошумча ири санкциялар” киргизилерин айтып, Пхеньяндын чагымчыл аракеттерин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу талкуулаганын билдирди.

АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Түндүк Кореяга мунай сатууну толук токтотуу жөнүндөгү чакырыктарына Орусия менен Кытай каршы чыгып келатышат. Алар мунун арты гуманитардык кризиске алып келет деп жүйө келтирип жатышат.

Кытайдын БУУдагы элчисинин орун басары Ву Хайтао Коопсуздук кеңешиндеги соңку жыйында буларды белгиледи:

"Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга каршы санкциялары гуманитардык жардам көргөзүү боюнча иш-чараларга терс таасир этпеши керек".

- Кытай Түндүк Кореяга каршы санкциялар боюнча комитеттин иши Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтып, жарым аралда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоону, чечим табууга багытталган диалогду жана кызыкчылыгы бар тараптардын сүйлөшүүсүн колдошу керек деп эсептейт. Кытайдын көз карашында, Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга каршы санкциялары гуманитардык жардам көргөзүү боюнча иш-чараларга терс таасир этпеши керек.

Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын 29-ноябрдын таңында, күн чыга электе сынаган эле. Мамлекеттик телеканал сыноого өлкө лидери Ким Чен Ын өзү катышканын көрсөткөн видеотасманы бир күндөн кийин таратты.

29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континенттер аралык баллистикалык ракетасы.
29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континенттер аралык баллистикалык ракетасы.

Пхеньян атылгандан кийин 1100 чакырымдай учуп барып, Жапон деңизине кулаган ракета оор дүрмөт алып жүрө алаарын жана АКШнын материктик бөлүгүнө жете алаарын билдирүүдө.

Түндүк Корея быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да өткөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG