Ысыкта суусуз калган жаңы конуштар
Бишкектин четиндеги Орок, Сары-Өзөн, Арча-Бешик жана Ак-Ордо жаңы конуштарда дээрлик үч жумадан бери таза суу жок. “Бишкексууканал” ишканасынын жетекчи орун басары Мурадил Сейдалиев жаңы конуштун тургундары ичүүчү сууну сугат суу катары колдонушарын жана ошол себептүү суу баарына жетпей жатканын билдирди. “Азаттыктын” кабарчысы суусуз отурган жашоочулардан кабар алды.