Бишкек шаарынын тегерек четиндеги жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу иши башталгандан бери борбор калаага жакын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жер соодасы кызыды. Мурда турак жай түшпөгөн айрым айдоо талаалары да жер тилке үчүн сатылып жатканы айтылууда. Буга байланыштуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев жер басып алгандар, айдоо аянтына үй салгандар катуу жазаланарын эскертти.
Турак жай салуу үчүн Бишкек шаарынын тегерек четинен жер табуу оорчулук жаратпайт. Жер саткандардын арасында жакында жер тилкеси трансформацияланат деп мурда үй түшпөгөн айдоо талааларын саткандар дагы бар.
Сатылып жаткан айдоо талаалары
"Мыйзамдаштырылат" деп сатылып жаткан жерлердин бири Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы Аламүдүн районунда жайгашкан Өскөн-Ордо конушунун чыгыш тарабы. Ал аймактагы "жер сатылат" деген жазуулардын бирине чалганыбызда, мындай жооп уктук:
“8-9-10 миң долларлык жерлер бар. Кызыл китеби болот, трансформацияга кетти. Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматына барсаңар, трансформацияга кеткен жерлердин тизмесинде турат. Азыр 800 киши алды”.
Анткен менен Аламүдүн районунун Кадастр мекемесинин жетекчисинин орун басары Абдимамат Эрматов ал жер трансформацияланат деген аймактардын тилкелеринин тизмесине киргенин четке какты.
“Жалпы эле Өскөн-Ордо конушун трансформациялоо иши жүргөн жок. Анткени ал конуш жайгашкан 37,5 гектар жер камакта турат. Камакта турган жерди трансформацияга даярдабайбыз. Камактан алынгандан кийин карап көрүшүбүз мүмкүн. Ал эми ал конуштун чыгыш тарабындагы там-таш түшпөгөн жер - айдоо талаа. Аны трансформациялоо боюнча эч кандай иш жүргөн жок. Ортодон бирөөлөр чыга калып, төрт сотыхтан бөлүп, казык каккандар болушу мүмкүн, угуп жатабыз. Алар менен укук коргоо органдары алектениши керек”.
Мындай көрүнүш Бишкек шаарына жакын жайгашкан дээрлик бардык айыл өкмөттөрдө бар.
Мисалы, Чүйдүн дагы бир айылына жакын, мурда там-таш түшпөгөн жерди соодалап жаткан дагы бир сатуучу жер тилкеси жакында трансформация болот деп ишендирди.
“Жалпы бир кызыл китеп бар. Айыл чарба жери деп турат, бирок өкмөткө трансформацияга кетти. Ага чейинки бардык документи бар. Азыр алты киши пайдубал куйду, бирөө жашап жатат”.
Кайсы жерлер трансформацияланат?
Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Президент былтыр 25-декабрда жаңы конуштардын тургундары менен жолугуп жатып 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жер трансформацияланып, ал жакта жашап жаткандардын үйлөрү мыйзамдаштырыларын айткан.
Мамлекеттик Кадастр мекемесинин жетекчиси Эрнест Сулайманбеков учурда тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, 2009-жылга чейин гана берилген жерлер трансформациядан өтөрүн айтат.
“Азыр райондук, облустук комиссиялар мыйзамсыз салынган канча үй бар деп да тактоо ишин жүргүзүп жатат. Эч кимисине кызыл китеп бериле элек. Мыйзам чыккандан кийин 2009-жылга чейин берилген, үй-жай салынган жерлер трансформацияланат. Азыр сатылып жаткан айдоо жерлери трансформация болбойт”.
Бир ай мурун президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев Чүй облусунун аймактарында жер басып алган, айдоо талааларына үй салып жаткан учурлар болуп жатканын айтып, мындай учурларга катуу чара көрүлөт деп кайрылуу жасаган.
Ал мыйзамсыз жер басып алууларды токтотконун, айдоо талааларын турак жай үчүн саткан учурларга чара көрүлүп жатканын билдирди.
“Чүй – эң негизги агрардык облус. Айыл чарба азыктарын өндүрчү жерибизди талкалап жатабыз. Президент «болору болду, буга чейин басып-сатып алгандарды трансформация кылып бүтүрөлү, мындан ары бир метр дагы жер берилбейт» деп тапшырма берген. Азыр айдоо жерлери турак жайга сатылып жаткан учурлар болсо чара көрөбүз. Мыйзамсыз сатып жаткандар дагы, мыйзамсыз үй салып жаткандар дагы жоопко тартыларын эскертким келет. Мыйзам катуу иштеп баштады".
Капталын көздөй кеңейген Бишкек
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, 2021-жылы Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 900гө жакын жер басып алуу жана жерге байланышкан алдамчылык фактылары менен кылмыш иши козголгон. Мисалы, Сокулук районунда 600дөн ашык иш каралып, 62си сотко өткөн. Аламүдүн районунда 300гө жакын иш каралып, 24 иш сотко жеткен.
Облустук милиция жер басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, маалымат каражаттары аркылуу кайсы жерлер айдоо талаалары болуп саналарын контурларына чейин кабарлап жатышканын билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков айдоо жерлерин майдалап сатууга 2013-жылы тыюу салынганын эске салды. Ал учурда дагы айдоо жерлеринин турак жай үчүн сатылып жатышына мамлекеттик бийлик органдарын айыптады.
“2013-жылга чейин өкмөттүн жерди майдалап сатууга уруксат берген 311-токтому бар болчу. Аны 2010-жылдан кийин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген бир "баатыр" чыгарган. Ал токтом менен бир топ айдоо жерлер сатылган. Биз ал токтомду 2013-жылы жокко чыгарганбыз. Азыр дагы 4-5 сотыхтан айдоо жерлерин майдалап сатып жаткан болсо, демек жергиликтүү бийлик, милиция, прокурорлор, мамлекеттик каттоо кызматы дагы эле 2005-2010-жылдардагыдай иштебей жатат. Булар коррупцияга байланышып калган”.
Чүй облустук администрациясынын маалыматына ылайык, Бишкекти курчап турган Сокулук жана Аламүдүн районуна жалпы 81 жаңы конуш түшкөн. Бишкек шаарынын Кадастр мекемеси анын 48и Бишкек шаарынын карамагында экенин билдирди.
Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу жараянынан пайдалангысы келген топтор көп экенин белгиледи.
“Бишкектин тегерегиндеги жерлерди саткан бир нече топ бар. Акимдин орун басары болуп турганда координациялык кеңешке алардын аты-жөнү менен атайын каттарды киргизгем. Ошолор жоопко тартылбаганына байланыштуу ар жолу мыйзамсыз басылып алынган жерге документ берген сайын жаңы конуштар түшүп жатат. Жерди алдамчылар сатып баюуда, ага мамлекет суу, жарык, канализация, мектеп, бала бакча салып чыгым тартууда. Бийлик айдоо жерлерин сатууга каршы катуу чара көрүп, көп кабаттуу үйлөр салыныш керек”.
Учурда Бишкек шаарынын карамагына кирген 48 жаңы конуштагы үйлөргө техникалык паспорт берүү иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 1800дөн ашык техникалык паспорттор берилди.