Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү театр жана кино актёру Нуржаасын Жумагулов учурда бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Ал борбордогу жеке гемодиализ борборлорунун биринде дарыланып жатат. Актёрдун операциясы үчүн азыр бир топ каражат керектелүүдө.
Коронавирус илдетинин тез жайылып жатканына байланыштуу Ысык-Көлгө эс алууга баргандар дээрлик жок. Каракол шаарынын жанындагы көл жээги ээнсиреп турат.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти. Ошондой эле Кажы-Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда да кыян жүргөн, ал жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.
Европадагы эң ири IT компаниялардын биринде иштеген Айзада Акбекова маалымат технологиялары жаатында адис болуу үчүн кандай билим алуу керектигин айтып берди. Ошондой эле Германия жана Европа өлкөлөрүнө миграцияга баруунун жол-жобосу тууралуу ой бөлүштү.
Балдары Сирияга кеткен энелер “Азаттык” радиосу аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар кыргыз бийлигинен согуш баскан өлкөдөн уул-кыздарын алып келип берүүнү өтүнүшөт.
"Манас" кинотеатрынын алдында мындан ары ар ишемби, жекшемби күндөрү китеп жармаңкеси өтүп турат. Уюштуруучулар жармаңкеге китеп дүкөндөрү, басма үйлөрү жана букинисттер (эски китеп саткандар) катышарын айтышты.
Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан өкмөт мүчөлөрү, Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан.
Ысык-Көлгө совет доорунда курулган же көчүрүлүп келинген завод, фабрикалар, аскердик жана кеме куруу ишканаларынын азыркы абалы кандай? Көк-Жаңгак шаарындагы устанын учак жасап асманга учуу кыялы ишке ашабы? Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы дүйнөнүн мыктыларын кантип жеңди?
Сегиз жыл мурдагы апрель окуясын эскерүү иш-чарасы Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" комплексинде өттү. Ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Роза Отунбаева катышты. Эскерүү иш-чарасына чакырылган экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок.
Кыргыз өкмөтү мамлекет менен жеке ишкерлер өнөктөштүгү ийгиликтүү иштебей жатканын моюнуна алды. Бийликтер бул багытта абалды жакшыртуу үчүн мыйзамдарды оңдоп, инвесторлорго жакшы шарт түзүүнү убада кылууда.
Өткөн айдын аягында Токмок шаарындагы курулушу бүтө элек бийик үйдөн 8-класста окуган Элвира боюн таштап жанын кыйды. Ага эмне себеп болгону али белгисиз, бирок жергиликтүү тургундар ал курулушту жабууну бийликтен талап кылып жатышат. Анткени, ал каргашалуу үйдөн буга чейин да өспүрүмдөр кулаган учу
Жакында эле АКШдан жеңиш менен кайткан кыргыз хоккейчилеринин бир күндүк машыгуусуна "Азаттыктын" кабарчылары күбө болушту.
Экс-президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин абалынан кабар алды. Бишкектеги №47 абакка барган Отунбаева жолугушуудан соң Текебаевдин абалы жакшы экенин журналисттерге билдирди.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ондон ашуун кызматкерин 6-декабрда Бишкек шаардык мэриясы жашап жаткан жеринен күч менен чыгарды. Буга Бишкек шаардык сотунун ушул жылдын 27-сентябрдагы "үй бошотулсун" деген чечими негиз болду. Аталган кызматтын кызматкерлери ал жерге мындан он жыл мурун №36 жата
Соңку убакта Ош-Бишкек каттамына авиабилеттин баасы 5 миң сомго чейин жетти. Бул жүргүнчүлөрдү нааразы кылганына байланыштуу, парламент депутаттары 28-ноябрда “Манас” аэропортуна барышты.
Бишкекте жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын репетициясы болуп өттү. Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат.
Бишкекте 15-ноябрда балдардын "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңишке жеткен тасмаларга сыйлыктар тапшырылды. Жакшы деп табылган тасмалардын алдыңкы сабында мыкты окугандыгы үчүн тартипсиз балдар арасында кысымга кабылган окуучу, балдардын тагдырын талкалаган жол кырсыктары, балалык сүйүү туура
Бишкекте Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча жыйын ызы-чуу менен аяктап, жарандык активисттер менен өкмөт мунаса тапкан жок.
Бүгүн Бишкекте казак элчилигинин жанында кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу нааразылык акциясы өттү. Аны “Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресс” уюму уюштурду. Ага 40ка жакын адам катышты.
Дагы жүктөңүз