Оппозициянын Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы уюштурган курултайы Бишкектеги орус драма театрында өттү. Уюштуруучулар курултайга 680ден ашык адам чакырылып, анын 600дөйү катышканын кабарлашты. Бийлик өкүлдөрүнөн эч ким катышкан жок.
Курултайда сөз сүйлөгөндөр бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин кескин сынга алышты. Курултайда негизги саясий күчтөрдүн бири болгон “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурдагы кырдаалды Апрел ыңкылабына чейинки абалга салыштырып, бийликти өз кызыкчылыгы үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет көрүп жатат деп айыптады:
- Бүгүнкү жол туура эмес. Бул - ууру жана кылмыштуу жол. Максат - жеке адамды же Атамбаев менен анын айланасындагыларды тарых, Кылмыш кодексинин алдындагы жоопкерчиликтен кутулуп кетүү гана болууда. Баш мыйзам бийик, ыйык максатта эмес, тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлгөнү жатат. Ошондуктан конституциялык реформа үчүн документтер Фарид Ниязовдун кабинетинде жазылууда. Биздин келечекти Фарид, Икрам аныктасын деп биз революциядан революцияга көтөрүлүп отурабызбы? Биз баарыбыз биригип Атамбаевди бул жолдон кайтарышыбыз керек.
Курултайга катышкан “Ата Мекендин” башка мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова Конституцияны өзгөртүүдө укуктук нормалар бузулуп жатканына көңүл бурушту. Шыкмаматовдун айтымында, бийлик улуттук баалуулуктарды бетке кармануу менен бул өзгөртүүлөрдү өткөрүү айласын көрүп жатканын белгиледи.
Ал эми “Бир бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова Баш мыйзамды өзгөртүүдө парламент президенттик аппараттын “кол баласына” айланды деп баалады.
Жакупова саясий күчтөрдө эрк жок экенин, алар бири-бирин жамандоо менен алектенип, элге үлгү болбой жатканын сындады:
- Мен канча жолу "балдар, бирикпесеңер колуңардан эч нерсе келбейт" деп айттым. Бирок ошого карабай бири-бириңерди жамандап жатасыңар. Азыр өлкө ушундай оор кырдаалда саясатчылар бири-бирин жамандап, ошонун баарын карапайым элге көрсөтүп жатасыңар. Карапайым элге үлгү болушуңар керек эле.
Курултайга жарандык коомдун атынан катышкан "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова мамлекеттик маалымат каражаттары Баш мыйзамга каршы чыккандарды каралап жатканын айтып, муну тезинен токтотууга чакырды:
- Элибиз Конституция боюнча эч кандай маалымат алган жок. Бизге жер-жерлерге чыгып, ошол маалыматты таратууга эч кандай шарт түзүлбөй жатат. Бул тууралуу телекөрсөтүү аркылуу чыгып айтып берели десек, телевидение аркылуу айтууга аянтча түзүлбөй, эфир берилген жок. КТРК, 5-канал, ЭлТР цензураны токтотуп, бир тараптуу каралоого жол бербеши керек.
Референдум боюнча орток пикир табылган жок
Ал эми Элери Битикчи деген лакап ат менен белгилүү болгон тарыхчы Назикбек Кыдырмышов Кыргызстанда бийлик да, оппозиция да саясий маданиятын жогорулатышы керектигин белгиледи:
- Биз жаңы күч болобуз десек, бийликтин ыкмаларын туурабай, интригага жол бербей, ачык-айкын саясат жүргүзүшүбүз керек. Күрөшкө кирсек да ачык болушу керек. Жеңсек да, жеңилсек да биз үчүн маанилүү болгон нерсе - жаңыланууга болгон аракет. Элге саясаттын жаңыча түрүн көрсөтүү маанилүү.
Оппозициянын курултайын чыр-чатак коштоду. Жаркынбек Касымбеков, Назарбек Нышанов сыяктуу активисттер сөз жетпегенине нааразы болуп, кыйкыра баштаганда аларды уюштуруучулар залдан чыгарып коюшту. Курултай өткөрүп жаткандар муну "бийлик даярдаган чагым" катары баалашты.
Курултай жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды. Анда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыккан бийликтеги адамдардын ишмердигине укуктук баа берүү, Жогорку Кеңеште бул багыттагы талкуу жана башка маселелерди токтотуу жана Конституциялык палатага Баш мыйзам маселесин адилет кароо талабы коюлду.
Жалпысынан оппозиция курултай өз максатына жетти деп баа берүүдө. Бирок бийлик бул жаатта оппозициянын сынын негизсиз санап, Баш мыйзамды өзгөртүү маселесин аягына чыгаруну убада кылууда.
Социал-демократтар фракциясынан депутат Анвар Артыковдун жүйөсүндө, оппозиция Баш мыйзамды бетке кармап, башка максатты көздөп жатат:
- Курултайга катышты делген 600 адамдын ою туура эмес. Эгер оппозиция "бул берене мындай жамандык алып келет" деп жүйөлүү кеп айтса бир жөн. Жөн эле болбосун деп айтып турганы кантип туура болсун? Мисалы, конституциялык угууда Текебаев баш болуп Конституция жөнүндө бир маанилүү сөз айта алышкан жок. Баш мыйзамды шылтоо кылып, бийликке тийишүүгө аракет жасашууда. Анткени өздөрү бийликке жете албай калып, ушундай аракет көрүүдө.
“Референдумга - жок” кыймылы мындан бир ай мурун түзүлгөн. Ага оппозициядагы саясий партиялар, курултай демилгесин колдогон кыймылдар бириккени айтылган.
Бүгүнкү курултайга кыймылдын буга чейинки жыйындарына катышып жүргөн Адахан Мадумаров, Бегалы Наргозуев сыяктуу саясатчылар катышкан жок. Ошондой эле кыймыл баштаган Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтоо тууралуу маалымат берилген жок.