Көзөмөл органы уюмду колдоп жаткан булактар боюнча документтерди жана аталган фонддун макалалар үчүн топтогон маалыматтарын да талап кылууда.
Быйыл 7-мартта “Путиндин Сирияны бомбалоосу Орусиядагы 20 миллион мусулманды кыжырлантабы?” деген аталышта чыккан макалада Дагестан жана Татарстандагы мусулмандардын ой-пикирлери камтылган.
Прокуратура 6-апрелде Алексей Навальныйдын фондун текшерүүгө алуу тууралуу көрсөткөн документте иликтөө иштери “Бүткүл орусиялык жаштардын улуттар аралык бирикмеси” кыймылынын төрагасы Кантемир Хуртаевдин кайрылуусунун негизинде жүрүп жатканы айтылат.
Көзөмөл органынын документин Навальный өзүнүн сайтына жайгаштырып, муну жакында эле Путиндин айланасындагы кишилердин офшор бизнеси ачыкка чыккандан кийинки “иликтөө” деп атады.
Дүйнөнүн бир катар белдүү кишилеринин арам акчаны адалдаган иштери тууралуу Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор менен Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган көлөмдүү маалымат 3-апрелде жарыяланган. Анда Кремлдин тегерегиндегилер 2 миллиарддан ашуун каражатты жашырганы жазылган болчу.
Навальныйдын фонду буга чейин орус саясий элитасындагылардын жемкорлук иштери, аларга жана жакындарына таандык кыймылсыз мүлктөр, жарандар төлөгөн салыктын эсебинен чардап жүргөндөр тууралуу бир катар макалаларды жарыялаган.
2012-жылы Орусияда “чет элдик агент” тууралуу мыйзам кабыл алынып, андан бери мамлекеттик эмес уюмдардын каржы булактарын, саясатка катышы бар же жогун текшерүүгө алуу күчөгөн.
Кезектеги “иликтөө” тууралуу Навальный минтип жазды:
- Мен прокурорлордун иликтөөдөн күткөн үмүтүн таш каптырууга шашып жатам. Биздин коррупцияга каршы күрөшүү фондубуздун бир гана каржы булагы бар – ал Орусия жарандарынын өз каалоосу менен берип жаткан акчалары. Миңдеген кишилер биздин эсебибизге акча которуп турат. Биз каражаттын ачык-айкындуулугу боюнча дайыма маалымдап келебиз.
Навальныйдын фондун текшерүүдө Москва прокуратурасы акыркы үч жылда Коррупцияга менен күрөшүү фонду жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялаган бүт маалыматтардын нускасын берүүнү да сураган. Арасында быйыл 7-мартта The Washington Post гезитине басылган макала сөзсүз болушу керектиги айтылат. Ал макалада Орусияда жашаган мусулмандардын Москванын Сирияда жүргүзгөн аскерий операцияларына карата пикирлери камтылган болчу.
Навальный “Путиндин Сирияны бомбалоосу Орусиядагы 20 миллион мусулманды кыжырлантабы?” деп аталган макаланы фонддун башкы социологу менен авторлош болуп жазган.
Андан соң “Жалпы орусиялык жаштардын улуттар аралык бирикмеси” кыймылынын төрагасы Кантемир Хуртаев Навальныйдын жазгандары элди бөлүп-жарууга үндөп, бүлгүн салууга жол ачат деген негиздеги макаласын бийликчил “Взгляд” интернет басылмасына жарыялаган. Андан мурдараак “Единая Россия” партиясынын мүчөсү, парламенттин төмөнкү палатасындагы чечен мусулмандарынын өкүлү Магомед Селимханов Алексей Навальныйдын фондун “чет элдик агент” деп таануу сунушун киргизген эле.
Февраль айында саясатчы Навальный президент Владимир Путинди "Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу" федералдык мыйзамды бузууга айыптап, сотко кайрылган. Бирок мамлекет башчынын кол тийбестигине байланыштуу анын арызы каралган эмес.
Навальный сотко жолдогон билдирүүсүндө Путин 2015-жылдын октябрында бир миллиард 750 миллион долларды Орусиянын Улуттук жыргалчылык фондунан “Сибур” мунайхимиялык холдингине бөлдүргөнүн жазган. Холдингдин акционерлеринин бири Кирилл Шамалов орус президентинин кызы деп айтылып жаткан Екатерина Тихонованын күйөөсү.