Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Путиндин кызы жана жаш миллиардер

Катерина Тихонова жана күйөөсү Кирилл Шамалов
Катерина Тихонова жана күйөөсү Кирилл Шамалов

Рейтер агенттиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин кызы жана анын миллиардер достору тууралуу атайын иликтөө чыгарды.

90-жылдары Путин бийликке келип, аны бекемдөөгө белсенери менен анын досторунун байлыгы аз убакытта укмуштай тездик менен көбөйгөн.

Азыркы тапта орус жаш элитасынын “каймагы” катары саналган Путиндин кызы Катеринага да ушул миллиардер аяш аталары көмөк көрсөткөнү бул изилдөөдө ар кандай далилдер менен берилди. Эмнеге Путин кыздарын жана алардын байлыгын жашырат?

Владимир Путиндин мыйзамдуу түрдө декларацияланган мүлкүнүн суммасы 2014-жылы 7, 65 миллион рубль деп эсептелген. Буга анын Москвадагы эки батири жана гаражы кирет. Ал эми кенже кызы Катерина “аяш аталарынын” жардамы менен Путинге караганда кыйла байыраак. Ал Путиндин кызы экенин жашыруу үчүн Тихонова деген фамилияны алып жүрөт деген имиштер ММК бетинде байма-бай жазылып келет. Бул түкшүмөлдөрдү Орусиядагы “Газпромбанктын” өкүлү Андрей Акимов Рейтер агенттигине ырастап, Катеринаны секелек чагынан бери тааный турганын, азыр кыз Тихонова деген ат менен белгилүү экенин билдирди.

29 жаштагы Катерина өзүн Кирилл Шамаловдун “жубайымын” деп айтып келет. Кирилл Шамалов орус элитасынын акча кармоочу жайы катары таанымал “Россия” банкына ээлик кылгандардын бири, Путиндин “кан досу” Николай Шамаловдун уулу. Демек, Катерина менен Кирилл азыр банкта 2 миллиард доллардык акцияны башкарат дешет Рейтер агенттигинин каржы аналитиктери.

Бул байлыктын көбү президенттин дагы бир кыйышпас досу, ири мунай-химиялык компаниянын ээси Геннадий Тимченкодон Кирилл Шамалов сатып алган үлүшү. Тимченкодон Путиндин күйөө баласы Кирилл Франциянын Биарриц курортунан 3,7 миллион доллардык хан сарай да сатып алган.

Кирилл Шамаловго таандык Биаррицтеги үй
Кирилл Шамаловго таандык Биаррицтеги үй

Катерина Тихонова Москва университетиндеги “Иннопрактика” деген долбоорду да жетектейт. Анын алкагында бир нече мамлекеттик уюмдар менен миллиондогон доллардык келишимдерге кол коюлган. Мындай келишимдерден Катеринанын жеке капчыгы канчалык калыңдары белгисиз бирок, анын долбоору менен МГУну оңдоп-түзөө иши жүрүп, анын баасы 1,7 миллиард доллар деп саналууда. Путиндин улуу кызы да МГУнун медицина факультетин бүтүргөн. Кирилл Шамалов менен Путиндин кыздары Рейтер агенттиги жүргүзүлгөн иликтөө боюнча маалымат айтуудан баш тартышты.

Бир кездерде “Единая Россия” партиясына мүчө болгон социолог Ольга Крыштановскаянын айтымында, саясатта жана мамлекетке байланышкан Орусиянын ири бизнесинде Путиндин чөйрөсүндөгүлөрдүн балдарынан куралган “жаңы ак сөөктөр” мууну жаралды. “Орус коомундагылардын көбү мындай бийик даражага аларды татыксыз деген ойдо, деги булар ким деген суроону беришет”, - дейт Крыштановская.

Оппозициялык лидер Алексей Навальный Рейтерге берген интервьюсунда азыркы акыбалды “неофеодалдык” система деп сүрөттөп, ага мамлекеттик аппарат менен ири бизнес өкүлдөрү мүчө экенин кошумчалайт:

- Азыркы тапта Орусияда мамлекеттик банктардын башкаруучулар кеңешинде жогорку кызматтагы аткаминердин балдары турганы кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Алардын көбү ушул сыяктуу чоң кызматтарга отузга чыкпай жатып эле дайындалышууда. Бул тек гана мураскорлук эмес. Балдар ата-энесинин кызматын гана ээлеп калбай, каалаган орунга отура алышат. Эң эле коркунучтуусу жакында Орусиянын бардык мамлекеттик ресурстары беш үй-бүлөнүн колуна өткөнү турат, - дейт Навальный.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Катерина Тихонова менен Кирилл Шамаловдун ким экени тууралуу Рейтер агенттигине мындай деди:

- Силер бизге кат жазып сураган Тихонова айым же дагы башка адамдардын жеке жашоосу, үй-бүлөлүк абалы, туугандык байланыштары, илимий жана башка ишмердиктери, кайсы бир долбоорлорго катышуусу тууралуу бизде эч кандай маалымат жок. Владимир Путиндин кыздары тууралуу азыр абдан көп имиштер жүрүп жатат. Жарыяланып жаткан ушундай маалыматтардын чындыкка жакындары өтө аз.

Катерина Путина 2000-жылы атасы президенттикке келгенден кийин көп убакыт көлөкөдө жүргөн. Кийин ал таенесинин фамилиясын алып, Тихонова болгону айтылат. Путин кызы чыгыш таанууга кызыгарын, Санкт-Петербург университетинде жапон тили жана тарыхы боюнча билим алып жатканын 2011-жылы айткан. Улуу кызы Мария 1985-жылы төрөлгөн. Москва мамлекеттик университетинин медициналык факультетин аяктап, голландиялык ишкер Йоритт Йоост Фаассенге турмушка чыгып, азыр биомедицина тармагында илимий изилдөө жүргүзүүдө деген маалыматты Рейтер агенттиги жазып чыкты. Ошондой эле аталган агенттик изилдөөнүн этегине орус элитасынын азыркы “жылдыздарын” санап, алардын дээрлик бардыгынын аталары Путиндин эң жакын өнөктөштөрү жана мамлекеттик жогорку даражалуу аткаминерлер экенин белгилеген. Ал арада бул изилдөө жарыяланар менен Путиндин басма сөз катчысы Песков менен “Газпромбанктын” басма сөз кызматы Андрей Акимовдун айткандарын төгүндөгөн билдирүү таркатышты. Эмнеси болсо да Путиндин кыздарынын бейнеси эл аралык коомчулукка бир топ суроолорду жаратып, сырдуу маалымат бойдон калууда.

Владимир Путиндин үй бүлөсү (сүрөт баян)

Чалгынчынын үй-бүлөсү

Путин кыздары менен эс алууда. 2002-жыл
1/9 Путин кыздары менен эс алууда. 2002-жыл
Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
"Мен карапайым үй-бүлөдө туулгам. Кадыресе адамдардай эле жашагам, бул байланыш менде дайыма сакталып келет" деп эскерет Путин.

2/9 "Мен карапайым үй-бүлөдө туулгам. Кадыресе адамдардай эле жашагам, бул байланыш менде дайыма сакталып келет" деп эскерет Путин.

Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Путиндин бала чагынан баштап 2002-жылга чейинки сүрөттөрү.
3/9 Путиндин бала чагынан баштап 2002-жылга чейинки сүрөттөрү.
Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Путиндин кыздары Екатерина жана Мария. 1985-жылы улуу кызы Мария төрөлгөн. Кичүүсү Екатерина Германиянын Дрезден шаарында 1986-жылы жарык дүйнөгө келген.  Эки кызга тең чоң апаларынын (Мария Иванова Путинанын жана Екатерина Тихоновна Шкребневанын) ысымдары берилген.

4/9 Путиндин кыздары Екатерина жана Мария. 1985-жылы улуу кызы Мария төрөлгөн. Кичүүсү Екатерина Германиянын Дрезден шаарында 1986-жылы жарык дүйнөгө келген.  Эки кызга тең чоң апаларынын (Мария Иванова Путинанын жана Екатерина Тихоновна Шкребневанын) ысымдары берилген.

Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Путин үй-бүлөсү менен.
5/9 Путин үй-бүлөсү менен.
Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Үй-бүлөсү менен эс алууда. 2002-жыл.
6/9 Үй-бүлөсү менен эс алууда. 2002-жыл.
Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Дээрлик бардык сүрөттөрдө Путиндин кыздары артын салып түшкөн.
7/9 Дээрлик бардык сүрөттөрдө Путиндин кыздары артын салып түшкөн.
Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
ММК Путиндин кичүү кызы деп жаткан Екатерина Тихонова Краковдо акробатикалык рок-н-ролл бийлеп жатат. 2014-жыл

8/9 ММК Путиндин кичүү кызы деп жаткан Екатерина Тихонова Краковдо акробатикалык рок-н-ролл бийлеп жатат. 2014-жыл

Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Путиндин жакшы көргөн ити лабрадор Кони. Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүү учурунда.  2007-жыл, январь

9/9 Путиндин жакшы көргөн ити лабрадор Кони. Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүү учурунда.  2007-жыл, январь

Рейтер агенттиги 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин кичүү кызы 29 жаштагы Екатерина тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Маалымат агенттиги “Газпромбанктын” жетекчилерине таянып, Екатерина азыр Тихонова деген фамилияны алып жүрөрүн, МГУда иштерин жана акробатикалык рок-н-роллго кызыгарын жазган.
Артка
Алдыга
• 16x9 Image

Бактыгүл Чыныбаева

“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG