Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Сузакта 75 гектар жер Өзбекстанга алмаштырылышы каралууда


Аталган райондун Кара-Дарыя айыл аймагында 2 жер тилкеси талаштуу болуп жатканын "Азаттыкка" айыл аймак башчысынын орун басары Султанмурат Тешебаев билдирди. Тешик-Таш участогундагы Кыргызстанга тиешелүү 47 гектар айдоо аянты жана 28 гектар жердеги бак-дарак менен катар турак-жайлар Өзбекстандын карамагында калып кеткен. Тешебаев өзбек тарап ал жакка каттамды 20 жылдан бери жаап турганын айтууда.

Ал эми Сузак районунда коңшу өлкөгө таандык 56 гектар жер жана Бараж айылындагы 14 үй-бүлө бар. Азыр аларды алмаштыруу аракети көрүлүп жатканын жергиликтүү бийлик айтууда.

Сузак району Өзбекстан менен 60 чакырымдан ашык аралыкта чектешет. Эки чакырымдай жер талаштуу болуп турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG