Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

“Ата-Бейитти” ачкандардын таарынычы


"Ата-Бейитте" 137 репрессия курмандыгынын сөөгү жатат.
"Ата-Бейитте" 137 репрессия курмандыгынын сөөгү жатат.

138 репрессия курмандыгынын сөөгүн тапкандардын эмгеги мамлекет тарабынан баалана элек.

Бүбүйра Кыдыралиева "Ата-Бейитте" көмүлгөндөрдүн табылганына 23 жылга жакын убакыт өтсө да анын эмгеги татыктуу бааланбай жатканына нааразы. Репрессия курмандыктары кайда көмүлгөндүгүн айткандагы үчүн 2000-жылы ага ошо кездеги президент Аскар Акаев пайда-батасы жок “Эрдик” медалын тапшырган.

- Мен азыр инимдин кызынын үйүндө жашап жатам. Ал күйөөсү менен ажырашып кеткен. Бойго жеткен кызы бар. Үй же жатакана болсо ушуларга кор болбой эле өзүнчө жашайт элем. Анткени буларга да киши кирип - чыгышы керек да. Ылайыктуу эркек болсо баш кошуп алса деле болот эле. Бирок менден айбыгып жатышса керек. Карыганда мага кыйын эле болду. 6 миң сом пенсия алам. Ал тамак-ашка же дары-дармекке жетпейт.

Өзү жаш болсо да репрессия курмандыктары боюнча даректүү тасма тартып жаткан журналист Абдыбек Казиев Бүбүйра апанын эмгеги өз баасын албай жатышы тарыхка жасалган кыянатчылык деген пикирде:

- Кыргызда тирүү болуп жерде, өлүү болуп көрдө жок деген сөз бар. Репрессия дал ушундай тагдырды далай кишилердин башына салды. Алардын тагдыры эмне болгону чечилбеген түйүн катары калып келген. Ошол эле Чыңгыз Айтматов атасынын сөөгү кайда экенин аныктоо үчүн атайын органдарга бир нече ирет кат жазган. Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахманов ушундай улуу сырдын бетин ачса да, көз жаздымда калып жатканы өкүндүрбөй койбойт. Ушунчалык кудай момун адамдар экен. Алардын ордунда башка кишилер болгондо унутта калдым, өрттөнүп өлөм деп чыгышмак.

“Айтматов Бүбүйра апанын тирүү экенин билген эмес”

Бүбүйра апага мындан туура бир жыл мурун Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жай ардактуу профессор деген наам ыйгарган. Ал профессорго берилчү стипендия берилсе да тыгынчык болор беле деп үмүттөнөт. Аталган окуу жайдын жетекчилиги менен байланышканыбызда ардактуу профессордун акчасы берилген-берилбегенин тактап жатканын айтышты.

Убагында атасынын сөөгүн тапкан кишилерге ыраазычылык билдирбегени үчүн Чыңгыз Айтматовдун дарегине бир катар сын айткандар да болгон. Залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматова Бүбүйра апага эмес, өзүнө жардам берчү киши жок экенин айтууда:

- Убагында Чыңгыз Төрөкулович КГБнын төрагасы Жумабек Асанкуловдон "сөөктөрдү ким тапты?" деп сураганда көлдүк кемпир экен, каза болуп калды деген маалымат берет. Ошентип ал басылмаларга да тапкан кишинин каза болуп калганы тууралуу айтат. Ошого байланыштуу Чыңгыз Төрөкулович Кыдыралиева менен бир да жолу жолуккан эмес, тирүү экенин билген да эмес. Мен мисалы материалдык жактан жардам бере албайм, анткени пенсионермин. Айтматовдун балдары эч жерде иштебесе кайдан жардам бермек эле? Ал боюнча деле сүйлөшкөн эмеспиз.

Тарыхчылар репрессия курмандыгы болгон аттуу-баштуу адамдардын бала-бакыралары Бүбүйра апага жардам бергидей абалда эмес экендигин белгилешет. Ошентсе да Айтматовдун уулдары Аскар жана Санжар колунда барлардын катарында экени эл ичинде айтылып келет.

"Ата-Бейиттеги" сөөктөрдү табууда ошо кездеги улуттук коопсуздук кызматкери Болот Абдрахмановдун эмгеги ат көтөргүс болгону менен ушу кезге чейин ага да эч ким жылуу сөз айткан эмес. Учурда УКМКда иштеп жаткан Абдрахманов оюн мындайча ортого салды:

- Болгон окуяга 23 жыл болсо да өкмөттөн медаль эмес, грамота да ала элекмин. Андан бери 3 президент алмашты, бирөө да ыраазычылык билдиргенге жараган жок. Жок дегенде рахмат айтып кол кысканга да жарашпады.

Өкмөттүн маалымат кызматы учурда Бүбүйра Кыдыралиевага жардам көрсөтүү маселеси каралып жатканын, жакынкы күндөрү чечилерин убада кылды. Кыдыралиева буга чейин президентке чейин бир нече ирет жардам сурап кайрылган, бирок жооп болгон эмес.

Мындан туура 75 жыл мурун Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашык чыгаан инсандары совет бийлиги тарабынан атып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. СССР кыйрагандан кийин 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

XS
SM
MD
LG