Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Арактан азап тарткандар


Спирт ичимдиктери Кыргызстандын дүкөндөрүндө да эң жакшы өткөн товарлардын катарында турат.
Спирт ичимдиктери Кыргызстандын дүкөндөрүндө да эң жакшы өткөн товарлардын катарында турат.

Дүйнөлүк Банктын акыркы баяндамасына ылайык, Орусия менен Украина дүйнө жүзүндө аракты эң көп ичкен өлкө болуп табылды. Ал эми Борбор Азияда болсо Казакстан биринчи орунда турат. Кыргызстан тизмеде андан кийин келгени менен калкынын саны алда канча көп Өзбекстанды арак ичүү боюнча алдыга чыгарган эмес.

Кыргызстанда жылына 101,8 миллион литр алкоголдук ичимдик ичилет, анын 47 пайызы сыра, 40 пайызы арак, 6 пайызы шарап. Республикалык наркология борборуна жылына 2 миңдей киши аракка ууланып түшөт.

Аракка ууккандар көбөйүүдө

Бишкектеги кыска көчөлөрдүн биринде жайгашкан чакан күркөнүн ээсинин айтымында, нандан кийин эле эң көп сатылган товар – спирттик ичимдиктер:

- Менин дүкөнүмдө эӊ жакшы өткөн товарлардын бири - спирттик ичимдиктер. Алардын ичинен сыра, ар кандай коктейлдер, арак аябай өтөт. Эми көбүнчө отуз жаштан улуу адамдар алып кетишет. Арасында аракка катуу берилип кеткендер да бар. Алар таӊ атпай саат бештерде издеп келишет. Кээ бирөөлөр жөн эле майрамдарда ичишет. Менин оюмча, бүт эле дүкөндөрдө спирт ичимдиктери жакшы өтсө керек.

Кыргызстанда аракка берилип кеткендердин абалы өтө начар, алардын көбү боордун цирроз оорусу, мээнин шишип кетүүсү, ашказандын каноосу сыяктуу илдеттерден жабыр тартышат. Эң эле өкүнүчтүүсү - аракечтик жаштар арасында көбөйүүдө.

Наркологиялык борбордо дарылангандар бир эле жолу эмес, бир нече ирээт кайра-кайра жатып чыгышат. Жылына 2 миңге чукул киши дарыланса, алардын 90 пайызы эркектер, 10 пайызы аялдар. Көбүнүн туруктуу иштеген жери жок.

Бирок аракка ууланып жардам сурагандардын так саны мындан бир кыйла көп. Маселен, баш калаанын тез жардам кызматына 2012-жылы 11 320 киши спирттик ичимдиктерге ууланып кайрылган. Алардын арасында мектеп жашындагы балдар да бар дейт тез жардам врачы Рустам Карабеков:

- Ооба, мектеп жашындагы балдар да бар. Алар көбүнчө желим жыттап ууланып калышат да бизге кайрылат. Анан балдарды наркология борборуна алып барабыз. Ал эми жаштар энергетикалык ичимдиктерди ичишип, жүрөгу ылдам согуп, кан басымы көтөрүлүп кайрылат. Ичимдикке берилгендер бейтапканага барбагандыктан, ар кыл кошумча оорулары да толтура. Сарык, ашказан, өпкө, жүрөк, кант диабети сыяктуу илдеттер менен оорушса деле ичкенди токтотушпайт.

Башталат баары... сырадан

Кыргызстанда 14 жаштан улуу атуулдардын саны болжол менен 3 миллион болсо ошонун 85 пайызы ичимдик ичет жана 25 пайызы алкоголизм илдетине чалдыккан. Айрыкча жаш кыздардын сыра ичүүсү акыркы мезгилде өрчүгөн көндүм болуп калды дейт “Демнур” медициналык борборунун директору, нарколог Шайлообек Өмүралиев:

- Акыркы мезгилде аябай көбөйүп жатат. Маселен, Орусияда азыр сыра алкоголизми деген балээ пайда болду. Бардыгы мына ушул сырадан башталат да. “Желмогуздун чоӊунан кичинеси жаман” дегендей, айрыкча жайкысын биздин кыздарыбыз пиво ичип, анан тамеки чегип отурушат го, ошолордун баарынан кийин толук кандуу аракечтер чыгышы мүмкүн. Анын үстүнө кыргыздын канында алкоголго туруштук берүүчү фермент жок. Менин иш тажрыйбамда бир кыз бар. Ал 14 жашынан тарта сыра ичип, 19 жашында аракеч болуп калган. Наркологиялык борборго бир нече ирээт жаткызсак да майнап чыккан эмес.

Аракечтикти дарылоонун ар кандай ыкмалары бар. Айрыкча акыркы мезгилде 100 пайызга сакайтабыз, “кодирование” сыяктуу жарнамалар өтө эле көбөйүп кетти. Бирок адис Өмүралиев бул адаттан толугу менен айыгуу мүмкүн эмес экенин айтты. Ал көзү ачык, бүбү-бакшылар калп айтып, элди көз боёмочулук менен алдаганын айтып, катуу берилген аракечти толугу менен илдеттен сакайтуу мүмкүн эмес дейт.

Ал ичимдиктин туткуну болбош үчүн спорт менен машыгып, бош убакытты туура пайдалануу керектигине басым жасады:

- Биринчи кезекте сергек жашашыбыз керек. Арак ичүүгө биздин элдин муктаждыгы жок. Анткени жогоруда айтылгандай, кыргыздын канында аракка туруштук берчү ген начар иштейт. Жаштарыбыз спорт менен машыгып, интеллектуалдык иш-чараларды аткарып, бош убакытты туура пайдалануу зарыл. Ичимдиксиз гана биздин өлкө гүлдөп өнүгөт.

Тойлордо “Куру аякка бата жүрбөйт” дешип, айрыкча куда тоскондор меймандарды тура албай калгыча ичирген маданият бизде ондогон жылдардан бери жашап келет. Тост же каалоону да стакансыз айта албайбыз дегендер көп.

Ичимдик жеке эле кыргызда эмес, дүйнөнү түйшөлткөн көйгөлөрдүн башында турат. Негизгиси аны ден соолукка зыян алып келбегендей өлчөмдө жана туура жерде ичүү керектигин адамдар аңдаса гана саламаттык бекем болчудай.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG